Талас: 7-класстын окуучусу көз жарып, ымыркайдын атасына кылмыш иши козголду

Талас облусунда 7-класста окуган кыз төрөдү. Милиция жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барганы үчүн ымыркайдын атасына кылмыш ишин козгоду.

Талас облусу боюнча акыйкатчынын өкүлү Жакшыгүл Узакбаева «Азаттык» үналгысына курган маегинде, 14 жаштагы жаңы төрөгөн кыз менен ымыркайдын абалы канааттандырарлык экенин жана аларды төрөтканадан үйүнө чыгарышканын билдирди.

Милиция 2017-жылдын август айында 14 жашар кыз менен жыныстык катнашка барды деп шектелген 18 жаштагы балага карата кылмыш ишин козгоду.

Бакай-Ата райондук РИИБдин начальниги Кадырбек Жээнчороев «Азаттык» үналгысына билдиргендей, кыз өзүнүн ымыркайынын атасы менен ал бала байкесиникине каникулга келген учурда таанышкан.   

«Кыз бала менен тайкесинин айылына барып таанышкан экен. Өздөрүнүн айтымында, алар былтыр декабрь айында жыныстык катнашка барышкан. Кийин өспүрүмдүн апасы чатак чыгарып, экөөнү бир ай мурда үйлөнтүп коюшуптур. Азыр тергөө бир айга узартылды», — деди ал.

Учурда Кыргызстандын парламентинде «өспүрүмдөргө карата сексуалдык зомбулукка каршы чара көрүү боюнча» мыйзам долбоору каралууда. Мыйзам долбоору эки окууда жактырылды.


ТЕМА БОЮНЧА: