Атамбаев оор абалдагы «Элес» тобунун мүчөсүнө жарым млн сом бөлдү

Президент Алмазбек Атамбаев оор абалда жаткан «Элес» тобунун мүчөсү Айдин Жумалиевге 500 миң сом бөлүп берди. Музыканттын дарылануусуна дагы жарым млн сом талап кылынууда.

Президенттин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Адилет Султаналиев Kloop.kgнин журналистине курган магинде, каражат бөлүнгөнү тууралуу маалыматты тастыктады.

«Ооба, Алмазбек Шаршенович музыканттын дарылануусуна акча бөлдү», — деди ал.

«Элес» тобунун музыканты Айдин Жумалиев боор рагы илдети менен жабыркап, учурда ал Түркиянын онкологиялык клиникасында жатат.

Операция кылуу үчүн музыкантка жалпысынан 1,7 млн сом талап кылынууда. Президент 500 миң сом бөлдү, дагы 1,2 млн сом чогултуу керек.

Буга чейин музыкант бардык көңүл кош карабаган кыргызстандыктарга жардам сурап кайрылган.

«Элес» тобу 2-октябрдан баштап башка ата мекендик жылдыздардын катышуусунда Кыргыз мамлекеттик филармониясында Айдин Жумалиевге колдоо көрсөтүү үчүн кайрымдуулук концерт өткөрөт.

«Элес» — 1985-жылы өзүнүн карьерасын баштаган музыкалык топ. Музыканттар 2002-жылга чейин концерт коюп, ырларды жаздырып келишкен.

Жалпысынан музыканттар беш альбом жаздырышкан. «Элес» Кыргызстанда таанылган эң белгилүү жана ийгиликтүү музыкалык жамааттардын бири болуп эсептелет.

Авторлошу: Айдай Эркебаева


ТЕМА БОЮНЧА: