Бишкекти суу менен камсыздоо үчүн 35 скважина курулат

Бишкекте шаардын түштүк бөлүгүн суу менен камсыздоо үчүн артезиандык скважиналарды бургулоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул боюнча «Бишкексууканал» ишканасы Кытайдын «Тяньди» компаниясы менен келишим түздү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жаңы скважиналар менен жаңы конуштарды жана борбордун түштүк бөлүгүн суу менен менен камсыздоого болот. Мэрия бул багытта иштер бир айдан кийин башталаарын кошумчалады.

Бишкектин суу менен камсыздоо тутумдары менен суу түтүктөрүн жаңыртуу долбоору төрт этап менен ишке ашырылат:

  • «Орто-Алыш» суу сактагычтагы 35 скважинаны бургулоо;
  • Суу сактагычтан президенттик Мамрезиденцияга чейин магистралдык суу түтүк өткөрүү;
  • Тыналиев көчөсүнөн баштап суу тазалагыч курулуштарына чейин канализациялык коллектор куруу;
  • Лабораториялык жабдык алып келүү.

Долбоордун биринчи бөлүгүнүн бетачаары 14-сентябрда өткөн. Анда жаңыланган объектилер менен «Орто-Алыш» суу сактагычтагы атайын техника көрсөтүлдү.  

Суу топтомдогу жабдыктарды жаңылоо заманбап ыкмалардын жардамы менен ичүүчү сууну анализ кылууга шарт түзөт. Бул борбордун жашоочуларына суу берүүнүн көлөмүн чоңойтот.

Бишкектин жалпы суу менен камсыздоо тутумдарын жаңыртуунун баасы 16 млн еврону түзөт. Каражатты Европа реконструкция банкы бөлгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: