Бишкек: «Күнөстүү балыктар» чачыратмасы калыбына келтириле баштады. Анын жанында эс алуу жайы курулат

Бишкек мэриясы Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде турган «Күнөстүү балыктар» чачыратмасын калыбына келтирүүнү кайра баштады. Шаар жетекчилиги чачыратманын жанына шаардын тургундары жана меймандары үчүн эс алуучу жай курууну пландап жатат.

Мэрия «Күнөстүү балыктар» чачыратмасын калыбына келтирип, анын жанындагы жерди көрктөндүрүдө. Чачыратманын жанына отургучтар коюлуп, таш төшөлүп, бадал тигилет.

Азыр «Зеленстрой» муниципалдык ишканасынын жумушчулары тротуардык такта коюу менен алек. Мэрия кабарлагандай, бул иш төрт-беш күндө аяктайт, долбоор боюнча тигиле турган бактар тигилип бүттү.

Чачыратманы калыбына келтирүү.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы чырактарды орнотту. «Бишкексууканал» бак-шакты сугаруу системасын коюп берди.

«Күнөстүү балыктар» чачыратмасын калыбына келтирүү иши 34 жылдан бери биринчи жолу 2016-жылдын октябрынын ортосунда башталган. Анда чачыратма кирден гана тазаланган.

«Күнөстүү балыктар» чачыратмасынын автору — сүрөтчү жана айкелчи Владимир Кругман.

Мурда бул кайталангыс архитектуралык чыгарманы калыбына келтирүүгө каражат бөлүнчү эмес. Чачыратма Кыргызстанга айкелчи совет мезгилинде алдырып келген түркүн түстүү смальта менен кооздолгон. Азыр анын кээ бир жериндеги смальта түшүп калып, мурдагы калыбына келтирүүгө муктаж.

«Күнөстүү балыктар» чачыратмасын дизайнер жана айкелчи Владимир Кругман 1982-жылы жасаган. Ал кезде Сүрөтчүлөр бирикмеси чачыратманын авторуна ар кандай бөгөт коюп, каржылоодон куржалак калтырганга аракет кылган.

Владимир Кругман.

Өлкө жетекчилигине да чачыратманын «өтө эле ачык» турпаты жакпай калып, аны ал тургай бузмак болушуп, авторун болсо «буржуаздык жашоо көрүнүшүн жайылтып жатат» деп айыпташкан.

Кийин Владимир Кругман Германияга көчүп кеткен. Азыр ал 80ден өткөн киши, Фюрте шаарында жашап, көркөм өнөрканасы бар.

Ошто Владимир Кругман жасаган «Бакыт кушу» панносу. Сүрөт: Азат Төрөев.

Владимир Кругмандын иштерин Бишкекте эле эмес, Ошто да көрсө болот – мисалы көгүчкөн тартылган рельефтик-мозаикалык панно бар. Анын мозаикалары Ысык-Көлдүн тескей жагындагы Покровка айылынын жана Ош облусундагы Ленин-Жол айылынын үйлөрүнүн бетин кооздоп турат.


ТЕМА БОЮНЧА: