«Мегакомду» орусиялык ишкер айым сатып алгысы келүүдө. Ал жөнүндө эмнелер белгилүү?

«Мегаком» мамлекеттик компаниясынын үлүшүн сатуу боюнча аукцион өткөзүү комиссиясы потенциалдуу сатып алуучу орусиялык ишкер айым Елена Нагорнаянын билдирмесин кабыл алды. Бирок анын ниети сын көз караштар менен кабыл алынууда.

«Мекагом» компаниясын сатуу боюнча аукцион өткөзүү комиссиясы 26-сентябрда орусиялык ишкер Елена Нагорнаядан түшкөн билдирмени жактырды. Бул туурасында «Акчабар» басылмасы билдирүүдө.  

«Акчабардын» редакциясы ишкер менен байланышууга аракет кылган, бирок ал сүйлөшүүлөр жеке мүнөзгө ээ деп комментарий берүүдөн баш тарткан.

Елена Нагорная деген ким?

Анын жеке сайтындагы маалыматына ылайык, ал Сапаттуу жана коопсуз азык-түлүктөрдү ташыган өндүрүшчүлөр ассоциациясынын түзүүчүсү болуп эсептелет.

Нагорная 2014-жылы орусиялык жана африкалык уюмдарынын кызматташтыгы үчүн коммерциялык эмес «Афирика өлкөлөрүнүн соода-сатык альянсынын» өнөктүктүгүн негиздеген.

Ошол эле жылы Нагорная Кениядан Орусияга өндүрүмдөрдү ташуу боюнча «Дом Кении (Кения Үйү)» компаниясын түзгөн.

Ал эми 2017-жылы ал «Африка ТМ» компаниясынын башкы директорлук кызматына дайындалган. Ал компания Африкадан Орусиянын базарына өндүрүмдөрдү ташуу менен алектенет.

Мындан тышкары, Нагорная Орусиянын мамдумасынын алдындагы өнөр-жай боюнча эксперттик кеңешинин курамына кирет.

Байсалов: «Нагорная менен келишим алдамчылык жана тоноо»

Коомдук ишмер Эдил Байсалов билдиргендей, орусиялык ишкер Нагорнаянын каражаты жок жана ал менен келишим түзүү — кезектеги «алдамчылык менен тоноо».

«Айкын болуп турат, жеке бул персонанын 14,5 млрд сому же 212 млн АКШ доллары жок жана болушу дагы мүмкүн эмес», — деп эсептейт Байсалов.

Ал Нагорнаянын интернеттеги профилин, жеке веб-сайты менен орусиялык компаниялар катталган сайттарды изилдеп чыгып мындай жыйынтыкка келген.

«Алардын көпчүлүгү аябай жоон угулган "Африканын Орусиядагы соода-сатык Альянсы" сыяктуу жөн гана эч нерсеси жок компаниялар», — деп жазат Байсалов.

Анын айтымында, Нагорнаянын эл аралык Duns & Bradstreet базасында Кениядан чай менен кофе импорт кылган «Контраст-Ти»  компаниясы боюнча гана маалымат бар.

«Ал соңку отчеттук маалда 64 миң АКШ долларына соода-сатык жүргүзүп, 3 миң АКШ доллар чыгым тарткан. Компаниянын баасы терс 70 миң АКШ долларга бааланууда», — дейт Байсалов.

«Мегакомду» сатып алуу боюнча сунуш

Маммүлк фондусунун башчысы Болсунбек Казаков 25-сентябрда «Мегаком» дал өзү Нагорнаяга сатылышы ыктымалдыгын билдирген. Ал жалгыз билдирме берүүчү болгонун жана бардык шарттарга макул экенин кошумчалаган.

«Мегакомдун» расмий баасы 13,5 млрд сомду түзөт. Эгерде компанияны сатуу боюнча келишим түзүлсө, Нагорная «Мегаком» үчүн 14,5 млрд сом төлөшү керек болот. Ага жалпы сумманын жети пайызынын 1 млрд сому комиссиялык төлөм катары кошулат.

Ошондой эле Нагорная компаниянын бардык соттук иштери боюнча жоопкерчиликтерди өзүнө алууга милдеттүү болуп калат.

«Мегаком» боюнча соттук иштер

Үстүбүздөгү жылдын августунда Орусиялык Penwell компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнөн «Мегакомду» мыйзамсыз басып алуу үчүн 200 млн доллар талап кылган.

Компаниянын өкүлдөрү 2006-жылы «Мегаком» алардын каражатына түзүлгөнүн айтышууда, ал эми 2008-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда компания рейдерлик жол менен басып алынган.

Анын жыйынтыгында «Мегаком» мурдагы президенттин баласы Максим Бакиевдин ээлигине өтүп, ал эми Penwell компанияда өзүнүн үлүшүн жоготуп алган.

Бакиевдерди бийликтен түшүргөндөн кийин Убактылуу өкмөт 2010-жылдын апрелинде компаниянын 49 пайыз акциясын улутташтырган.

Андан төрт жыл өткөндөн кийин «Мегаком» толугу менен мамлекеттин карамагына өткөн.

Маммүлк фондусунун башчысы Болсунбек Казаков билдиргендей, Penwell компаниясынын эл аралык сотко кайрылуусу үчүн эч кандай юридикалык далилдери жок.

Мындан тышкары «Мегаком» компаниясын 2016-жылдан бери сата албай келишет, компаниянын баштапкы баасы 19 млрд сом деп белгиленген болчу.

Бирок, компанияны сатуу боюнча үч жолку аукциондо сатып алуу үчүн бир дагы билдирме келип түшкөн эмес. Ошол себептүү анын баасы 13,5 млрд сомго төмөндөтүлгөн.

Ошондон кийин Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду байланыш операторун түз сатуу ыкмасы менен аукционго чыгарууну чечкен.

«Мегаком» Кыргызстандагы үч ири байланыш операторунун катарына кирет. Ал үч миллиондон ашуун абонетти тейлейт жана дээрлик бүткүл өлкө аймагын камтыйт.


ТЕМА БОЮНЧА: