Парламент кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча келишимди жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары үчүнчү окууда кыргы-өзбек чек арасынын 85 пайызын тактоо боюнча документти кабыл алды. Эми келишимди Өзбекстандын парламенти ратификация кылышы керек.

Жогорку Кеңештин 28-сентябрда өткөн жыйынында 97 депутат үчүнчү окууда кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызын тактоо боюнча документке макул деп добуш беришти. Чечим жабык түрдө кабыл алынды.

Эми келишимди Өзбекстандын парламенти ратификация кылуусу керек.

Өзбекстандын президенти 5-сентябрда Кыргызстанга алгачкы жолу иш сапары менен келген учурда эки өлкөнүн башчылары Шавкат Мирзиёев менен Алмазбек Атамбаев чек аралар боюнча келишимге кол коюшкан.

Учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы 50 аймакта 200 чакырым жер тактала элек. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1370 чакырымды түзөт.

Мамлекеттик чек араларды аныктоо боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин жандана баштаган.

Өлкөлөр ортосундагы чек араны тактоо маселеси Советтер биримдиги тарагандан бери чечилбей келет, анткени Борбор Азиядагы өлкөлөр жерлерди тактоо үчүн ар кандай документтер менен карталарды сунуштап келишкен.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жерлери Фергана өрөөнүндө тыгыз байланышып, өлкөлөр ортосунда катаал чек ара тутумун түзөт. Анткени бири-биринин аймагында жайгашкан анклавдар абалды оорлоштуруп турат.

Чек аранын макулдашылбаган жерлеринде эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда далай жолу чыр-чатактар чыгып турат.


ТЕМА БОЮНЧА: