Кытай: «Манас» эпосу кытай тилинде коюлду

Пекинде кытай тилинде «Манас» эпосунун негизинде операнын бет ачары коюлду. Аны 1500 миңден ашуун адам көргөн. Спектаклди даярдоого эки жыл убакыт кеткен.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 30-сентябрда «Тянь Чяо» чоң театрында «Манас» операсынын бет ачары кытай тилинде коюлган.

Опера Кытайдын маданият министрлиги менен Кытай улуттук институтунун көмөгү астында коюлган.

Операнын негизине Жусуп Мамайдын «Манас» китеби алынган. Сценарийди Кытайда белгилүү биринчи даражадагы сценарист Ван Сяолин жазган. Операны даярдоого эки жыл убакыт кеткен.

«Манас» операсынын актерлору «Тянь Чяо» чоң театрынын сахнасында.

Операны сахнага алып чыгууга Кытайдын мамлекеттик театрынын 100дөн ашык артисти катышкан. Операны Кыргызстандын элчисин кошкондо 1500 миңден ашуун адам көргөн.

Опера эки негизги бөлүктөн турат —  Манас" жана "Семетей". Ал Манас менен анын баласы Семейдин жеңиштери менен аскердик баатырдыктарын баяндайт. Ошондой эле, операда кыргыз элинин үрп-адаттары көрсөтүлгөн.

«Манас» — ири кыргыз эпосу. Ал адамзатынын маданий мурастарынын тизмесине жана «дүйнөдө эң ири эпос» катары Гиннес китебине кирген.

Сүрөт: Кыргызстандын ТИМнин сайтынан алынды.


ТЕМА БОЮНЧА: