Ысык-Көл: Төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылып, натыйжада төрт адам өлгөн факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле, «Мерседес» үлгүсүндөгү машинаны мас абалында башкарып, тез жардам унаасын сүзгөн кызга каршы кылмыш иши козголду.

Милиция 1-октябрда Чолпон-Атада тез жардам машинасын сүзгөн «Мерседестин» айдоочусун кармады.

Ысык-Көл облусунун ИИбнен Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, эки кылмыш иши козголду — айдоочуга каршы жана жол кырсык фактысы боюнча.

Тергөөнүн версиясы боюнча, тез жардам кызматынын машинасын сүзгөн «Мерседести» айдаган кыз мас абалында болгон.

Милиционерлер аны кармап, 48 саатка убактылуу кармоо изоляторуна камашты. Андан кийин сот аны камоо маселесин чечиши керек.

Тез жардам унаасынын катыштыгындагы жол кырсыгы 1-октябрга караган түнү Чолпон-Атага кире бериш жолдо болгон. Чоң ылдамдыкта келе жаткан «Мерседес» үлгүсүндөгү машина тез жардам унаасын сүзгөн.

Натыйжада тез жардам унаасы жолдон чыгып кетип, эки жолу тоголонуп кеткен. Тез жардам унаасындагы бардык төрт адам — айдоочу, фельдшер, 19 жаштагы кош бойлуу кыз менен анын тууганы — кырсык болгон жерден кайтыш болушкан.

«Мерседестин» жүргүнчүлөрү жабыр тартышкан эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: