Башкы прокуратура: Жээнбековдун Оштогу штабында биометрикалык маалыматтар чогултулган эмес

Башкы прокуратура билдиргендей, бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун Оштогу шайлоо алдындагы штабында биометрикалык маалыматтар чогултулган эмес.

Ош прокуратурасы бийликчил президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабында биометрикалык маалыматтар чогултулган делген маалыматты текшерип чыккан.

Бирок прокуратуранын кызматкерлери аталган дарек боюнча Жээнбековдун колдоосуна жасалган плакаттар менен китепчелери сакталган киши турууга ылайыкталбаган орунжайды табышкан, бирок ал жай саясатчынын шайлоо алдындагы штабы эмес болуп эсептелген.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, маалымат чогултууну аймактык кеңештин өкүлдөрү жүргүзүшкөн жана ал жерде Мамлекеттик катто кызматынын кызматкерлери болгон эмес.

«Факт түрүндө төрт жарандын биометрикалык маалыматтары чогултулган. Ошол эле учурда кандайдыр бир үгүттөө жүргүзүлгөн эмес», — деп айтылат башкы прокуратуранын маалыматында.

Текшерүү учурунда Ош шаары боюнча паспорт-визалык бөлүмүнүн начальниги биометрика чогултуу жабдыгын аймактык кеңештин өкүлдөрүнө өткөрүп бергени белгилүү болду. Бул мыйзамды бузуу болуп эсептелет, ошондуктан ал кызматтык тартип жоопкерчилигине тартылды.

Жээнбековдун штабында биометрикалык маалыматты чогултуу иш-чаралары 26-сентябрда «Азаттыктын» журналисти тарабынан аныкталган.

Ош облусу боюнча кварталдык комитеттин башчысы Нажип Эрбаев биометрикалык маалыматтарды чогултуу орунжайлардын жетишсиздигинен улам Жээнбековдун штабында болуп жатканын билдирген.

Ал эми МККнын басма сөз кызматынын башчысы Мелисбек Эржигитов Kloop.kgнин кабарчысына курган маегинде, Жээнбековдун штабындагы биометрикалык маалыматтарды чогултуу «толук мыйзамдуу» экенин айткан.

«Бул мыйзамдуу. Бул биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча көчмө мобилдик топ болчу. Бизде мындай көчмө топтор бардык облустарда бар. Элдер айыл өкмөттөрүнө жигердүү барышпайт, биз бул нерсени жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кылдык», — деген ал.


ТЕМА БОЮНЧА: