Ош: Жээнбековдун штабында биометрикалык маалыматтарды чогултуу жүргүзүлгөн

Бийликчил президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабында жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу жүргүзүлгөн. Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) бул нерсени мыйзам ченемдүү деп билдирди.

«Азаттык» үналгысынын журналисти Ыдырыс Исаков билдиргендей, Жээнбековдун Оштогу штабындагы Шейит-Төбө участогунда Мамлекеттик катто кызматынын биометрикалык маалыматтарды чогулткан жабдыгы колдонулуп жаткан.

Исаков жарандардын маалыматтарын чогултуп жаткан МККнын кызматкерлеринен комментарий алууга аракет кылган, бирок алар эч үндөбөстөн жумуш ордуларын таштап кетип калышкан.

МККнын басма сөз кызматынын башчысы Мелисбек Эржигитов Kloop.kgнин кабарчысына курган маегинде, Жээнбековдун штабындагы биометрикалык маалыматтарды чогултуу «толук мыйзамдуу» экенин айтты.

«Бул мыйзамдуу. Бул биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча көчмө мобилдик топ болчу. Бизде мындай көчмө топтор бардык облустарда бар. Элдер айыл өкмөттөрүнө жигердүү барышпайт, биз бул нерсени жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кылдык», — деди ал.

Ош облусу боюнча кварталдык комитеттин башчысы Нажип Эрбаев «Азаттык» үналгысына биометрикалык маалыматтарды чогултуу орунжайлардын жетишсиздигинен улам Жээнбековдун штабында болуп жатканын билдирди.

«Прецедент» компаниясынын юристи Ильяна Жедигерова Kloop.kgнин кабарчысына талапкердин шайлоо алдындагы штабында биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча «түздөн-түз тыюу» жок экенин билдирди.

«Маселе имарат кимге таандык экенинде. Эгерде талапкер өзүнүн шайлоо фондунан орунжайды ижарага алып, анын ичинде маалыматтарды чогултуу жүрсө, бул мыйзамдуу», — деди Жедигерова.

Шайлоодо добуш берүү үчүн биометрикалык маалыматтарды тапшыруу керек. Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы 800 миңге жакын кыргызстандык биометрика тапшыруудан өткөн эместигин билдирип, алар шайлоодо добуш берүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калышы ыктымалдыгын кошумчалаган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Жогорку мамлекеттик кызмат үчүн 13 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: