Атамбаев 5-6-октябрда Өзбекстанга барат

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 5-6-октябрда расмий сапары менен Өзбекстанга барат. Өлкө башчылары эки мамлекеттин мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашат.

Атамбаев Өзбекстанга өзүнүн кесиптеши Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен барат. Тараптар «ар кандай тармактарда өз ара кызматташтыкты тереңдетүүнү шарттаган» бир катар документтерге кол коюушат.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн президенттери аймактык жана эл аралык саясат маселелери боюнча пикир алмашышып, эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашат.

Ошондой эле эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын Ташкендеги өнөр-жай өндүрүмдөрүнүн көргөзмөсүнө катышышат.

Шавкат Мирзиёев 5-6-сентябрда Кыргызстанга келип кеткен. Ал Өзбекстандын президентинин соңку 17 жылда Кыргызстанга алгачкы сапары болгон.

Эки өлкөнүн президенттери кыргы-өзбек чек арасынын 85 пайызын тактоо боюнча документке кол коюушкан. Кыргызстандын парламенти бул келишимди ратификациялаган, бирок азырынча Өзбекстандын бийлиги документтин ратификацияланышы боюнча билдире элек.

Мамлекеттик чек араларды аныктоо боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин жандана баштаган.

Өлкөлөр ортосундагы чек араны тактоо маселеси Советтер биримдиги тарагандан бери чечилбей келген, анткени Борбор Азиядагы өлкөлөр жерлерди тактоо үчүн ар кандай документтер менен карталарды сунуштап келишкен.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жерлери Фергана өрөөнүндө тыгыз байланышып, өлкөлөр ортосунда катаал чек ара тутумун түзөт. Анткени бири-биринин аймагында жайгашкан анклавдар абалды оорлоштуруп турат.


ТЕМА БОЮНЧА: