Атамбаев: «Бабановдун 65 пайыз добуш менен колдоого алынышы эч нерсе менен ырасталган эмес»

Президент Алмазбек Атамбаев билдиргендей, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов калктын 65 пайызы ага добуш берүүгө даяр экени тууралуу «эч нерсе менен ырасталбаган маалыматты» коомго таңуулоого аракет кылган.

Президент коомчулукка «реалдуу малыматтарды» жеткизүүгө чакырды, анткени коомдун пикири менен ойноо өлкөнүн туруктуулугуна зыян келтириши мүмкүн.

«Тилекке каршы, талапкерлердин биринин [Өмүрбек Бабановдун] эч нерсе менен ырасталбаган “калктын 65%” биринчи турда эле” ага “добуш берүүгө даяр” имиш тууралуу маалыматты коомго таңуулоо аракети мына ушуга мисал болуп саналат», — деп айтып берди Атамбаевдин пикирин анын басма сөз кызматы.

Өзүнүн сөздөрүнө далил катары Атамбаев 2017-жылдын март айынан баштап октябрга чейин Кыргызстанда жүргүзүлгөн социологиялык иликтөөлөрдүн маалыматтарын келтирди.

Сурамжылоого ылайык, март айынан баштап июль айына чейин калктын 37ден 42 пайызына чейин Бабанов үчүн добуштарын берүүгө даяр болушкан, ал учурда бийликчил президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун рейтинги 4-15 пайыз болчу.

Август менен октябрь айларында Бабановдун рейтинги 21 пайызга чейин түшүп кетип, Жээнбековдун рейтинги 40 пайызга чейин жогорулап кеткен.

Маалыматтар Атамбаевдин сайтында жарыяланган.

Бабанов менен анын 65 пайызы

Ал эми Бабанов өзү 1-октябрдагы өзүнүн маалымат жыйынында ал үчүн шайлоочулардын 65 пайызы добуш берүүгө даяр экенин билдирген.

«Биздин социологиялык сурамжылоолорубуз менен башка уюмдардын изилдөөлөрү өлкөдө бүгүн менин талапкерлигим үчүн 65 пайыз шайлоочулар добуштарын берүүгө даяр экенин көрсөтүп турат», — деп айткан Бабанов.

Ошондой эле, Бабанов биринчи турда эле анын жеңиши талкууланып жатканын айткан.

«Мен УКМК жакында эле аналитикалык кеңешме өткөргөнүн билем, анда Өмүрбек Бабанов биринчи турда эле утуп жатканы айтылган», — деген ал.

УКМКнын жообу

Эртеси күнү УКМК Бабановдун билдирүүсүнө жооп кайтарган. Анда аталган мекеме атайын кызматта саясатчынын рейтинги менен биринчи турдагы жеңиши талкууланганын толугу менен четке каккан.

«Ал өзү эмес, анын элестетип алган рейтинги укук коргоо органдарына эч кандай кызыкчылыкты жаратпайт», — деп айтылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Өмүрбек Бабанов — бийликчил президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековдун эң башкы атаандашы.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого 12 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: