УКМК: Айрым саясатчылар Исаевдин ишин өздөрүнүн кызыкчылыктарына пайдаланышууда

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, «айрым саясатчылар» депутат Канатбек Исаевдин кармалышын өз кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылышууда. Атайын кызматттын маалыматына ылайык, саясатчы президенттик шайлоодон кийин «бийликти күч менен басып алууну» даярдап жатканы үчүн кармалган.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, президенттик кызматка талапкерлерди кошуп «айрым» саясатчылар Исаевдин камакка алынышын «өздөрүнүн кызыкчылыктарына жетүү үчүн чечмелеп пайдаланышууда».

УКМК тергөө учурунда саясатчынын «бийликти күч менен басып алууга даярданып» жаткан күнөөсүү далилденген деп эсептейт.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, иштин материалдарында күбөлөрдүн Исаев менен анын тарапкерлери бийликке келүү максатында «өлкөдөгү абалды курчутуу планын даярдап жүрүшкөнүн» көрсөткөн аудио, видео көрсөтмөлөрү бар.

Тергөөчүлөрдүн пикиринде, президенттик шайлоо учурунда добуш берүүлөрдүн жынтыгынын бурмаланышы туруксуздаштырууга аргумент болуп бермек.

Тергөөнүн версиясы боюнча, бул планды ишке ашыруу үчүн Исаев менен анын колдоочулары укук коргоо органдарына туруштук бере турган жаш балдар менен уюшулган кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн өздөрүнө үгүттөшүп, «ири суммадагы каражаттарды даярдашкан».

Саясатчынын шериктери катары кармалган адамдар сурак учурунда «Исаевдин түз катыштыгы менен анын күнөөсүн тастыктаган» көрсөтмөлөрдү беришкен.

Тергөөчү тарап учурда ишке тийиштиги бар адамдардын күнөөлүүлүк даражасын аныктап жатат.

Исаевдин кармалышы

УКМК саясатчы Исаевди 30-сентябрда кармап, ага каршы «бийликти күч менен басып алууга» даярдануу үчүн кылмыш ишин козголгон.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Исаев «массалык башаламандык уюштуруу үчүн кылмыштуу топтор менен сүйлөшүп алган»

Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаев менен анын «шериктери» президенттик шайлоонун «жыйынтыктары бурмаланышы» үчүн каршылыкка чыга турган адамдарды өз катарларына үгүттөшмөк. Ал эми андан кийин каршылык билдирүүлөр массалык башаламандыкка айланып кетиши мүмкүн болчу.

УКМКнын божомолдошунча, эгерде 15-октябрдагы президеттик шайлоодо Бабанов утулуп кала турган болсо башаламандыктар ишке ашмак.

Ал эми Бабанов өзү билдиргендей, Исаевди анын тарапташы болгону үчүн кармашкан. Бабановдун пикиринде, аны президенттик жарышта биринчиликте келе жатканы үчүн каралоого аракеттенишүүдө.

Атайын кызмат Бабановдун Исаевдин кармалышы боюнча айткандарын тергөө менен коомдун пикирин «саясий нукка» буруп кетүү аракети деп атаган.

Өмүрбек Бабанов — келерки 15-октябрда өтө турган шайлоодо бийликчил партиянын президенттикке талапкери Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандаштарынын бири. Учурда президенттик кызмат үчүн 12 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: