Президенттикке талапкерлер Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Арстан Алай жана Токтайым Үмөталиева КТРКнын түз эфириндеги теледебаттарына чыгышышты.

Дебаттар төрт талапкердин саламдашуулары менен башталды. Бабанов эгерде шайлоодон жеңсе Кыргызстанды эң эле тез өнүккөн өлкө кылам деп билдирди. Ал эми Жээнбековдун айтымында, анын максаты — Кыргызстандын өнүктүрүү.

Үмөталиева менен Абдылдаев жөн гана өздөрүнө добуш берүүгө үндөштү.

Биринчи айлампа

Биринчи турдун негизги талкуулана турган темасы аймактар менен айыл чарбасынын абалын жакшыртуу болду.

Бабанов аймактардагы абалды айыл чарбасын өнүктүрүү менен гана өзгөртсө болот деп эсептейт. Саясатчы эгерде ал президент болуп калса айыл чарбачылары жылдык 7 пайыз менен насыя ала алышат деп убада кылды.

«Ар бир аймакта технопарктар ачылат. Айыл чарбасы менен алектенгиси келгендер 7 жылга 7 пайыз менен насыя алышат. Биз аларга жарык өткөрүп, жолдорду салып жана жерлерди беребиз. Ошентип биз инвестор тартабыз», — деди ал.

Анын башкы атаандашынын айтымында, аймактарда республиканын 65 пайыз калкы жашайт жана жаңы өндүрүштөрдү ачып аларды жумуш менен камсыздоо зарыл.

«Жаңы ишканаларды куруу керек. Айыл чарба кооперативдерин уюштуруу шарт. Насыялар жетпей калат», — деди ал.

Ошондой эле, Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо зарыл, ошондуктан ал жаңы ирригациялык программаны ишке киргизе турганын айтты.

Үмөталиева электр жарыгына болгон тарифтерди азайтып, айлык маяналар менен пенсияны көбөйтүүнү сунуштады. Абдылдаевдин айтымында, абалды коррупцияны жок кылуу менен гана өзгөртсө болот.

Экинчи айлампа

Дебаттардын экинчи бөлүгү билим берүү тармагындагы реформаларга арналды.

Бабановдун айтымында, билим берүү тармагында реформа жүргүзүүгө 26 млрд сом бөлүп берүүнү убада кылган. Ал бул акчанын ичинен 12 млрд сому мугалимдердин айлык маянасына кетиши керек деп эсептейт.

«Сааттык реформа жүргүзүү керек, 1000ден ашуун окуу саатынын ордуна Европанын мектептериндегидей кылып 700 гана окуу саатын калтыруу шарт. Бала бакчаларга үч тилдүүлүктү киргизебиз: орус, кыргыз жана англис тилдерин. Мугалимдердин айлык маянасын көтөрөбүз. Мектептерде компьютерлер болот», — деди ал.

Бабанов өз сөзүндө мугалимдерди административдик ресурстан коркпоого чакырып, өзү үчүн добуш берүүгө үндөдү.

«Урматтуу мугалимдер, биз аймактарда жолугушуп жатканда силердин көзүңөрдөн өзгөрүүгө болгон каалоону көрөм. Бирок араңардан көпчүлүгү коркушат, бирок мен үчүн добуш бергилери келет. Биз бир мектептин ордуна үчтөн мектеп курабыз. Ман айлык акыны эки эсе көбөйтөм. Аймактарда англис жана орус тилдүү мугалимдер болот. Класстарда 45тен окуучу отурбайт», — деп билдирди Бабанов.

Ал эми Жээнбеков дагы мугалимдердин айлыгын көтөрүүнү убада кылды.

«Биз бардык мектептерде бирдей шарт түзүп, аларды сапатту китептер менен камсыздайбыз. Биз билим берүүсүнө каражат аябайбыз. Бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзөбүз. Толук камсыздалган мектептерди курабыз. Мурдагы мугалим катары менин башкы максатым — мугалимдердин эмгек акысы эң жогору болушу», — деди ал.

Бийликчил талапкер Бабановдун админресурс боюнча сөздөрүнө көңүл буруп, бийлик акыйкат шайлоону камсыздаганын билдирди.

«Иним Өмүрбек, эсиңдеби сен 2009-жылы вице-премьер-министр болуп турганда бизге имараттарда сүйлөп чыгууга мүмкүнчүлүк беришчү эмес, ал эми учурда ар бир айылда сенин 30 көрнөгүң бар. […] Сен административдик ресурс жөнүндө айтып жатасың, азыр админресурс дээрлик жок да», — деди ал.

Үмөталиеванын айтымында, билим берүү бекер жана мугалимдердин айлык маянасы жогору болушу керек.

«Бүгүн мугалим жакшыраак акча алыш үчүн бир нече мектерде чуркап жүрөт. Мугалимдерге татыктуу сыйды жана татыктуу айлыкты кайтаруу керек», — деди Үмөталиева.

Ал эми Абдылдаев билим берүү тармагына чоң өзгөрүүлөрдү киргизүү керектигин айтып, бирок так кайсылар экенин тактаган жок.

Үчүнчү айлампа

Акыркы турда талапкерлер шайлоочулардын ар кандай суроолоруна жооп берип жатышты. Бул жерде биз эң эле кызыктуу жоопторду келтирдик.

Бабанов Кыргызстанга кандай башкаруу формасы жакшы деген суроого жооп берип жатып, эгерде президент болуп калса бул маселени 2020-жылы референдумда жарандар өздөрү чечип алышат деди.

Андан кийин ал Кыргызстанга 100 млн доллар өлчөмүндө инвестиция тартканын айтып, бул көрсөткүчтөрдү үч эсеге көбөйтүүнү убада кылды.

Жээнбеков кадр маселесиндеги трайбабализм боюнча суроого жооп берип жатып бул нерсеге көз карашы катаал экенин айтты. Мындан тышкары ал алмаштыра турбаган даяр командасы бар экенин кошумчалады.

Дээрлик бардык талапкерлер поспорттогу «улутту» көрсөткөн графа керек деп жооп беришти жана бул нерсе менен «сыймыктануу» зарыл деп негиздешти.  

Ошондой эле, бардык талапкерлер «Кумтөр» көйгөйүн чечүү зарыл деп белгилешти. Жээнбековдун пикиринде, аны экономика жагынан чечүү керек, ал эми Үмөталиева бул нерсе менен атайын комиссия алектениши шарт деди. Бабанов өз кезегинде, президент болуп калса Кумтөр маселесин чечем деди.

Бонус: Жээнбеков менен Бабановдун бири-бирине кер какшык айтуулары

Талапкерлерге берилген дээрлик бардык убакыттарды Жээнбеков менен Бабанов бири-бирине кер какшып айтууга коротушту.

Бийликчил талапкер өзүнүн атаандашын Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев менен достукка айыптады. Ошондой эле ал аны «иним», «балапан» деп атап, коррупция менен күрөшүүнү Бабановдон баштайм деп айтты.

Бабанов Жээнбеков «ыгы жок теңтушсунуп» жатканын айтып, атаандашын президент болуп калаары менен «чайга» чакыраарын убада кылды.

Өздөрүнүн шайлоо алдындагы программасы жөнүндө же телекөрүүчүлөр менен алып баруучулардын суроолоруна жооп бере турган саясатчылар бири-бири менен айтышып баштап жатышты.

Бабанов Жээнбековду Жогорку Нарын ГЭСин Liglass Trading компаниясына өткөрүп берип салуу боюнча айыптаганда, бийликчил талапкер «Республика» партиясынын башчысы «Коопсуз шаар» долбоорун үзгүлтүккө учураткан деп билдирди.

Мындан тышкары, Бабанов Жээнбековду өлкөнүн казынасына 15 млрд сомдон ашуун акча түшпөй калганына айыптады.


ТЕМА БОЮНЧА: