КТРКда теледебаттардын финалдык турунун биринчи күнү соңуна чыкты. Негизи телекөрүүчүлөрдүн алдына беш талапкердин чыгышы күтүлгөн, бирок белгисиз бир себептерден улам студияга Эрнис Зарлыков келген жок — талапкерден эфирден баш тартуу боюнча эч кандай билдирүү келген эмес. Жалпысынан төрт талапкер катышты: Темир Сариев, Таалатбек Масадыков, Арсланбек Малиев жана Улукбек Кочкоров.

Жалпысынан теледебаттардын финалдык турунун биринчи күнүндө беш талапкер катышышы керек болчу.

Бирок теледебаттар башталгандан кийин студияга болгону төрт талапкер келгени белгилүү болду — Эрнис Зарлыков келген жок. Азырынча президенттикке талапкер эмне себептен теледебаттарга катышпаганы белгисиз.

Саламдашуу учурунда талапкерлер шайлоочуларды өздөрүнө добуш берүүгө үндөштү, ал эми Малиев, Масадыков жана Кочкоров өздөрүнүн өмүр баяндарындагы факттар менен бөлүшүштү.

Биринчи айлампада катышуучулар төрт теманынын үстүндө талкуу жүргүзүштү.

Биринчи айлампа. Жалпы тема — Кыргызстандын ички жана тышкы коопсуздугу

Биринчи айлампанын эң эле эсте калган учуру Малиевдин ар бир талапкерге тырмоок тапшырган эпизоду болду.

«Урматту жарандар, мен ар бир талапкерге тырмоок тапшыргым келет, алар аны кайра-кайра басып албоолору үчүн», — деди ал.

Кочкоров менен Масадыков белекти кабыл алышты, бирок Сариев айыл чарба шайманын Малиевге кайтарып берди.

«Өзүңүз аны басып албаңыз», — деп Сариев жооп берип, Малиевди популисттикке айыптады.

«Сиз айтып жаткан нерсе — популизм. Мен премьер-министр болуп турган кезде, мен Кыргызстанга 19 объектини кайтардым, башка эч бир премьер-министр бул нерсени кылган эмес. Бул мекенге болгон сүйүү деп аталат, сиздин популизм эмес. Мен сиз парламентте отурганда жана андан кеткенденден кийин кандай болгонүңузду билем», — деп билдирди Сариев.

Бул чабуулга Малиев эч нерсе деп жооп кайтарган жок.

Андан соң талапкерлер белгиленген суроолорго жооп берүүнү башташты. Кочкоровдун пикиринде, өлкөнүн ички коопсуздугунун көйгөйү болуп укук коргоо органдарынын туура эмес мамилеси жана андагы кесипкөйсүз адистер эсептелет.

Миграция жана чек аралар боюнча маселеде, Масадыков өкмөт элден өзүнчө жашайт деп билдирди.

Сариевдин айтымында, коопсуздук бир гана күчтүү өлкөдө камсыздалышы мүмкүн. Анын пикиринде, күчтүү өлкө — бул тартип жана мыйзамдуулук.

Кочкоров белгиленген темадан четтеп, өз сөзүндө өлкөнүн үч президентин сынга алды — биринчи президент Аскар Акаевди, качкын президент Курманбек Бакиевди жана учурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди. Анын айтымында, жалгыз татыктуу президент Роза Отунбаева болгон.

Талкуунун экинчи темасы өлкөдөгү тартип менен тынчтык жана улуттар аралык мамиле болду

Сариевдин оюнча, негизги көйгөй болуп Кыргызстандын элинин түндүк-түштүккө бөлүнгөнүн улантып жатканы эсептелет. Ал эгерде аны президент кылып шайлашса, өлкөнү бириктирүүнү убада кылды.

Ошондой эле, Масадыков дагы аймактарды бириктирүүнү жана трайбализмди жоготууну убада кылды.

Ал эми Малиевдин пикиринде, өлкөдөгү тартип Кыргызстан менен Өзбекстандын ортолорундагы чек аралардын так аныкталышына жардам берет.

Кочкоров жумушта же саясатта улут-улут болуп бөлүнгөндөрдү жазалоону сунуштады.

Талкуунун үчүнчү темасы тышкы саясаттагы көйгөйлөргө арналды

Малиев менен Сариевдин ортосунда кайра талаш жаралып кетти. Малиев Сариевди «өлкөнүн кулашына» айыптады.

«Темир Аргембаевич эл начар жашайт деп белгиледи. Бирок ал өзү бийликте жүргөнүнө канча жыл болду, ким ага кеңеш берди өлкөнү кулатууга?», — деп суроо салды Малиев.

Сариев жооп кайтарып, Малиевге «жакшыраак даярданууну» сунуштады.

«Малиев, сиз жакшы даярданыпсыз, бирок мындан дагы жакшы даярдана алмаксыз», — деп жооп берди ал.

Масадыков өзүнүн каршылаштарынын даректерине айыптоолоду айткан жок, бирок өлкөнүн бийлигин Кыргызстандын тышкы саясатынын жоктугуна айыптады. Анын айтымында, бийлик тышкы саясат үчүн жоопкерчилик алуудан коркуп жатат же аны кандай жүргүзүү керек экенин түшүнбөйт.

Кочкоров Масадыковдун пикирин колдоду.

Талкуунун төртүнчү темасы өлкөнүн руханий саясаты болду

Сариевдин оюнча, Кыргызстанда үрп-адаттарды динден ажыратуу керек жана алар бири-бирине карама-каршылык жаратпашы абзел.

Ал эми Масадыков бийлик экстремизм маселесине тийиштүү көңүл бурбай жатат деп билдирди.

Масалиевдин айтымында, кыргыз маданияты абдан бийик болушу зарыл жана кыргыздар өз жолунан тайбашы керек.

Ошондой эле, Кочкоров эркин идеология бузулгандыктын себеби болуп эсептелет деди. Ал адеп-ахлак менен динге балакаттан баштап үйрөтүү керек деп кошумчалады.

Экинчи айлампа. Жалпы тема — өлкөнүн социалдык-экономикалык саясаты

Талапкерлер биринчи блокто коррупция менен күрөшүү маселесин талкуулашты

Кочкоров абалды өзгөртүү үчүн акча-насыя саясатын алмаштыруу зарыл деп билдирди. Ошондой эле, агрардык өнөр-жай биржасын түзүү керек деп кошумчалады.

«Биз агрардык өнөр-жай биржасын түзүү менен айыл-чарбачыларына жардам көрсөтөбүз, ошонун негизинде алар өз өндүрүмдөрүн дүйнөлүк баада сата алышат», — деди ал.

Малиевдин айтымында, жумушсуздук маселеси экинчи планга жылып кетүүдө, анткени шайлоо кампанияларынын алдында коррупциянын себептери бар.

«Кимдир бирөө чогулат, партия ачат, добуштарды сатып алат, парламентте отурат жана элге кызыкпайт. Аларды өздөрүнүн пайдасы кызыктырат», — деди Малиев.

Малиев эгерде президенттик шайлоодон утуп чыкса, жеке жансакчылардан, айдоочудан, мамрезиденцияда жашоодон баш тарта турганын убада кылды.

«Мен өз батиримде эле жашайм. Мага жансакчылардын жада калса айдоочулардын кереги жок — өзүм жүрөм», — деп билдирди Малиев.

Жыйынтыгында Малиев бул нерсе жумушсуздукту жоюууда кандай жардам берээрин түшүндүргөн жок.

Ал эми Сариев мамлекетке жумуш ордуларын түзүү боюнча программа керек деп эсептейт.

«Мен каржы, экономика министри жана премьер-министр болдум. Мен Кыргызстанды ЕАЭБге киргиздим. Мен көйгөйлөрду кандай чечүү керек экенин билем», — деди Сариев.

Масадыков жумушсуздукту аткаминерлер өз иш-аракеттери үчүн жоопкерчилик ала баштаганда гана жоюууга болот деп эсептейт.

«Бизде мамлекеттик аткаминерлердин жоопкерчилиги жок. Биздин система иштебейт. Албетте биринчи кезекте жоопкерчилик маселесин чечүү керек. Биздин каякка, ким менен кетип жатканыбыз боюнча так программабыз жок. Жоопкерчилик маселесин чечмейин, биз өнүкпөйбүз», — деди ал.

Саясатчылар экинчи блокто коррупцияны жоюуунун ыкмаларын талкуулашты

Сариевдин пикиринде коррупцияны аткаминерлердин кирешеси жана чыгашасы боюнча «таза» декларацияларды жарыялоо менен жеңсе болот.

Ал эми Масадыковдун айтымында, коррупцияны аткаминерлер менен болгон байланышты жоюуу аркылуу жеңсе болот.

«Бир дагы мамлекеттик орган акчасыз маселе чечпейт. Аткаминерлердин балдары эл жакырланып жаткан учурда чоң акчаларды коротушат. «Таза Коом» аягына чейин иштелип чыгуусу керек», — деп билдирди Масадыков.

Малиевдин билдиргенине ылайык, коррупцияны бийликке «жакшы адамдардын» келүүсү менен жойсо болот. Мындан тышкары, ал аткаминерлер үчүн келишимдик ситеманы киргизүүнү убада кылды.

«Мен бардык аткаминерлерди келишимдик системага өткөрөм», — деп билдирди Малиев.

Кочкоровдун оюнча, коррупцияны жеңиш үчүн бийликке жалаң байлардын келүүсүн токтотуу керек.

Сариев бул пикирге президент болуп калсам ишкерлердин саясатка баруусуна жол бербейм деп жооп кайтарды.

«Парламенттин 60-70 пайызы ишкерлер. Мен эгерде президент болуп калсам, сен ишкер болсоң — сен саясат менен алектенбей тургандай кылам. Эки отургучта отурууга аракет кылба», — деди ал.

Үчүнчү айлампа. Телекөрүүчүлөрдүн суроолору

Акыркы турда талапкерлер шайлоочулардын ар кандай суроолоруна жооп берип жатышты.

Сариев президенттик шайлоодо жеңишке жетип калсам Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен болгон че ара маселесин чечип берем деп убада кылды. Ошондой эле саясатчы премьер-министр болуп турган учурдагы жетишкендиктери жөнүндө байма-бай айтып турду.

Мындан тышкары, Сариев кыргызстандыктардын орто айлык маянасын 30 миң сомго чейин көтөрүүнү убада кылды.

Малиев Сариевдин пикирин бөлүп, колун Конституцияга коюуп, 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин ал банктын кутуларынан акча алганбы же жокпу деген суроого жооп берүүнү сунуштады. Сариев прокуратура аны үч жолу текшерген деп жооп берди.

Кочкоров ипотекалык насыя берүүнүн пайыздарын азайтуу боюнча суроого «пайыздык насыя берүү — күнөө» деп билдирди. Бирок, ал анын программасында жумушсуздук көйгөйүн чечип, Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган агрардык өнөр-жай биржасын түзүү долбоору каралганын белгиледи.

Малиев туризмди өнүктүрүү үчүн өлкөнүн атын өзгөртүп жана таштанды ыргытканды токтотуп, «жакшы» ажаатканаларды курууну сунуштады. Анын айтымында, Кыргызстан — кыргызча сөз эмес, аны көптөгөндөр терроризм жана Күрдистан менен алмаштырышат. Ал өзгөртүүнүн аталыштарын сунуштады: Кыргыз каганаты же Кыргыз жери.

Авторлоштору: Рустам Халимов, Айдай Эркебаева, Алмир Алмамбетов, Айзирек Иманалиева, Субан Ташбалтаев, Азамат Каработоев.


ТЕМА БОЮНЧА: