Мирзиёев Атамбаевге «Манас» эпосунун өзбек тилиндеги биринчи нускасын белек кылды

Эпостун нускасын Атамбаевдин Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын учурунда Таншкенден белек кылышты. Белекти Кыргызстандын президентине Өзбекстандын башчысы Мирзиёев жеке өзү тапшырды.

Бул Манас эпостун өзбек тилинде басылып чыккан биринчи нускасы.

«Бир гана кыргыз элинин эмес болгон түрк тилдүү элинин уникалдуу эстелиги деп эсептелген "Манас" эпосу биздин өлкөдө абдан белгилүү. Биздин жарандар бул улуу чыгарма менен кеңири таанышуулары үчүн биз жакынкы эле күндөрдө аны алгачкы жолу өзбек тилинде басып чыгардык», — деп билдирди Өзбекстандын президенти.

Атамбаев мындай белек үчүн Мирзиёевге ыраазычылыгын билдирип, бул эпос ага 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжалда жардам бергенин кошумчалады.

Өзбек тилине Кыргыз Республикасынын элдик жазуучусу Бексултан Жакиевдин кыскартылган «Манас» эпосунун версиясы  которулган. Котормонун автору белгилүү филология илимдеринин кандидаты жана өзбекстандык манасовед Зухритдин Исамутдинов.

Буга чейин «Манас» эпосу түрк тилине которулган. Мындан тышкары Кытайдын Пекин шаарында эпостун операсы кытай тилинде сахнага чыгарылган.

«Манас» — ири кыргыз эпосу. Ал адамзатынын маданий мурастарынын тизмесине жана «дүйнөдө эң ири эпос» катары Гиннес китебине кирген.


ТЕМА БОЮНЧА: