Бишкек: Атайын кызмат экстремисттерди үгүттөөгө шектелген жаранды кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна адамдарды үгүттөөгө шектелген адамды кармады. УКМКнын маалыматына ылайык, кармалган адам террористтик ишмердүүлүк үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 14-октябрда Кыргызстандын аймагында ИГИЛге адамдарды үгүттөгөн 46 жаштагы шектүү жаран кармалган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү «узак убакыттан бери» КМШ өлкөлөрүндө адамдарды үгүттөп жүргөн, ошол себептүү ал эл аралык издөөдө болгон.

«Анын максаты Сириядагы эл аралык терроризмдин кылмыштуу топторунун катарларын жаңы аскерлер менен толуктоо болгон, ошондой эле, Кыргызстандын аймагында адамдарды үгүттөөнү улантып, отурукташып калуу үчүн шарттарды түзүүнү максат кылган», — деп билдиришти УКМКдан.

Учурда ыкчам топ кармалган адамдын Кыргызстандагы жана анын тышындагы ыктымал шериктерин издеп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: