Путин Жээнбековду жеңиши менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Путин Жээнбековго Орусия менен Кыргызстандын мындан аркы кызматташтыгына ишене турганын жазган.

Путин шайлоодон тандалып алынган талапкер Сооронбай Жээнбековго телеграмма жөнөткөн. Катта «добуш берүүнүн жыйынтыктары Жээнбековдун кыргызстандыктардын алдындагы бийик абройун көрсөтүп турганын тастыктайт» деп айтылган.

Путиндин айтымында, Жээнбековдун жеңиши — бул анын Кыргызстандын социалдык-экономикалык актуалдуу маселелерин чечүүдөгү эмгегинин үзүрү.

«Орусия менен Кыргызстан биргелешкен аракеттери менен эки тараптуу байланыштын ар тараптуу өнүгүүсүн, Евразия экономикалык биримдигинин жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагындагы конструктивдүү өз ара аракеттерди камсыздай алат», — деп айтылат телеграммада.

Орусиянын башчысы өзүнүн телеграммасында эки тараптуу мамилелердин жакшыруусу «биздин өлкөлөрдүн дос элдеринин түпкү кызыкчылыгына жооп берип, аймактык коопсуздук менен туруктуулукту бекемдейт» деп жазган.

Сооронбай Жээнбеков — шайлоочулардын 50 пайыздан ашуун добушун алган президенттикке талапкер жана мурдагы премьер-министр. Анын башкы атаандашы — «Республика» партиясынын башчысы Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 30 пайыз добушун алып, утулуп калган.

Жээнбековдун кызматка киришүүсү боюнча чечим 17-октябрда шайлоочулардын добуштарын кол менен эсептөөлөрдөн кийин белгилүү болот.


ТЕМА БОЮНЧА: