Боршайком кол санактын жыйынтыгын чыгарды. Жээнбеков биринчи орунда

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун бюлеттендерин кол менен эсептөөнү бүттү. Жыйынтыктар өзгөргөн эмес — Сооронбай Жээнбеков жарышта мурдагыдай эле алдыда, экинчи орунда Өмүрбек Бабанов, үчүнчү орунда — Адахан Мадумаров.

БШКнын маалыматына ылайык, Сооронбай жээнбеков үчүн 925 миң шайлоочу добушун берген, бул бардык добуштардын 54,74% түзгөн.

Ошентип, президенттик жарышта Жээнбеков мурдагыдай эле алдыда. Экинчи орунда анын башкы атаандашы — 33,7% пайыз алган — Өмүрбек Бабанов.

Адахан Мадумаров добуштардын 6,5,% алып үчүнчү орунду ээлеген. «Ак Шумкар» партиясынын башчысы Темир Сариевге болгону 2,5% шайлоочу добушун берген. Бардык калган талапкерлер 1 пайыздан аз добуштарды алышкан.

Мыйзам боюнча добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары кол санактан кийин аныкталат.

Бул шайлоодо анын жыйынтыктары 15-октябрь күнү кечинде алынган автоматтык урналардын маалыматтары менен дээрлик айрымаланбайт

БШК 15-октябрда алдын ала маалыматтарды жарыялагандан кийин Жээнбеков дароо эле өзүнүн жеңишин майрамдай баштаган.

Аны шайлоодогу жеңиши менен бир нече мамлекеттердин өлкө башчылары куттуктаганга үлгүрүшкөн, алардын катарында Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев жана Шавкат Мирзиёев бар.

Шайлоодогу эреже бузуулар

ЕККУнун эл аралык байкоочулары президенттик шайлоолордун легитимдүүлүгүн таанышкан, бирок алар 15-октябрда административдик ресурс колдонуу катталып, коркутуулар менен шайлоочуларды сатып алуу болгонун билдиришкен.

Ошондой эле, байкоочулар Боршайкомдун чечимдери «күмөндүү» жана «жаңылыштуу» болгонун билдиришкен. Алардын айтымында, БШК бул шайлоолордо бейтарап болуп тура алган эмес.

Европарламенттин байкоочулар делегациясынын башчысы Лайма Андрикьененин айтымында, шайлоо участокторунда көзкарандысыз байкоочулар менен журналисттердин иши чектелген.


ТЕМА БОЮНЧА: