«Сүйүүнүн чеги жок»: Куудулдар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы уруш жөнүндө видео тартышты

Кыргыз жана казак куудулдары эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесин мыскылдаган ролик тартышты. Чек арадагы абал Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Казакстандын бийлиги жөнүндө жагымсыз нерселерди айткандан кийин начарлап кеткен.

Кыргыз менен казак куудулдары «Юфрейм» вайнерлеринин инстаграмына эки мамлекеттин ортосундагы көйгөйлөр жөнүндө тамашалуу видео жарыялашкан.

Ролик сүйүшүп жүргөн жаш жуп жөнүндө чагылдырат. Жаш кыз Кыргызстанда ал эми жаш жигит Казакстанда жашайт. Экөө тең бири-бирине баргысы келет, бирок сүйүшкөндөрдүн ата-энелери «экөөңөрдүн ортоңордогу мамиледен майнап чыкпайт» деген сөздөр менен тыюу салышат.

Жаштар эмне кылышаарын билбей калышат, анткени ата-энелери алардын сүйүүсүнө каршы деп ойлошот. Бирок кийин ата-энелер алар кыргыз-казак чек арасынан чыга албай калышат деп кабатырланганы үчүн бири-бирине барууларына каршы болгону белгилүү болот. Роликтин аягында атасы өз кызына сүйүктүүсү менен «Скайп» аркылуу сүйлөшүп турууну кеңеш кылат.

«Эч нерсе эки ынтымактуу элдин достугун буза албайт», — деп жазылган видеонун аталышында.

Ролик учурда 800 миң жолу жолу көрүлгөн.

Кыргыз тараптан роликке инстаграм-блогер Айжан Асемова менен «Жарайт Ситинин» резиденти Нурсултан Курсанали уулу тартылган.

Чек арадагы кезек күтүүлөр менен тыгындар

Кыргыз-казак чек арасындагы абал 10-октябрда дипломатиялык чатактын шартында оорлошуп баштаган.

Атамбаев казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптаган.

Казакстан Кыргызстанга каршылык нотасын жиберген, андан соң казак чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшкөн, натыйжада бул чек арадагы чоң кезек күтүүлөр менен авто унаалардын тыгындарынын чыгышына алып келген.

Казакстандын бийлиги чек арадагы күчөтүлгөн тартипти террористтер менен кылмышкерлерди колго түшүүрү боюнча «пландык иш чаралар» менен түшүндүрүшкөн.

Чек арадагы кезек күтүүлөр эки мамлекеттин ортосундагы өкмөттөрдүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана 19-октябрда азая баштаган


ТЕМА БОЮНЧА: