Маевка: Милиция үч машинаны өрттөгөн шектүүнү кармады

Милиция Чүй облусунун Маевка айлында соода-сатык жеңил имараты менен үч машинаны өрттөөгө шектелген адамды кармады.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдиргендей, милиционерлер 19-октябрда өрттөөлөргө шектелген адамды кармашкан.

«Милиция шаарга жакын айылдын бардык айланасын, ар бир короону кыдырып чыкты. Аткарылган иштердин натыйжасында кылмышка шектүү кыска убакытта кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна камалды», — деди ал.

Өрттө фактысы боюнча буга чейин эле «Атайылап мүлккө зыян келтирүү же жок кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөөнү Чүй облустук ШИИБи жүргүзүүдө.

Маевка айылында 17-октябрга караган түнү белгисиз адам 3 машинаны өрттөп кеткен. Машиналардын бирөөсү толугу менен күйүп кеткен.

Мындан тышкары, белгисиз толугу менен күйүп кеткен соода-сатык кичи имаратын дагы өрттөп кеткен. Ошондой эле, ал жеке үйдүн короосунда илинип турган килемдерди өрттөп, дагы бир үйдүн эшигин күйгүзүүгө аракет жасаган.

Мурдаарак Чүй облусунун ШИИБи өрттөлөрдү божомолдуу «психологиялык жактан жабыркаган» адам кылышы мүмкүн экендигин билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: