Сузак: Маалыматтар дал келбегендиктен төрт участокто добуштардын жыйынтыктары жокко чыгарылды

Аймактык шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы төрт участокто шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды. Бул участоктордо келген шайлоочулар менен колдонулган бюллетендердин ортосунда айырмачылыктар аныкталган.

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» байкоочулары № 2118, 2119, 2120, 2126 участокторундагы маалыматтардын айрымачылыктарын аныкташкан.

Уюмдун консультанты Динара Ошурахунова өзүнүн фэйсбук барагында колдонулган бюллетендердин саны участкага келген адамдардын санынан ашып кеткенин жазган.

«Коалициянын байкоочулары идентификациядан өткөн шайлоочулардын саны менен колдонулган бюллетендердин ортосунда айрымачылыктарды аныкташкан!!! Идентификациядан өткөн шайлоочулардын санына караганда бюллетендер көп болгон», — деп жазган ал.

Аймактык шайлоо комиссиясы аталган участоктордогу добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу чечимин чыгарды.

«Аталган 4 шайлоо участкасындагы көмиссия мүчөлөрү таркатылсын жана комиссия мүчөлөрүнүн аткарган иштерине укуктук баа берүү боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилсин», — деп айтылат аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминде.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов 24.kg басылмасына курган маегинде билдиргендей, бул участоктордо добуш берүүнүн эрежелери бузулган.

«Мыйзамда шайлоочу идентификация жөнүндө дүмүрчөк алгандан кийин аны бюллетенге алмаштырышы керек деп айтылат. Ушул жерде дал келбөөчүлүк бар», — деди ал.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү калган аймактык шайлоо участкалары жарандардын шайлоодо болгон эреже бузулаары боюнча кайрылуулары менен арыздарын карай баштайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-октябрда кол саныктын жыйынтыктарын чыгарган. Жыйынтыктар өзгөргөн эмес — Сооронбай Жээнбеков жарышта мурдагыдай эле алдыда, экинчи орунда Өмүрбек Бабанов, үчүнчү орунда — Адахан Мадумаров.

Мыйзам боюнча добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары кол санактан кийин аныкталат.


ТЕМА БОЮНЧА: