Башкы прокуратура Транспорт жана жолдор министрлигинин «Аба кыймылын тейлөө мамлекеттик ишканасына» «негизсиз» 6,5 млн сом бөлгөнүн аныктады. Текшерүүдөн кийин аталган мекеме акчаны мамлекеттик бюджетке кайтарып берген.

Башкы прокуратура Транспорт жана жолдор министрлигинин 2017-жылы «Аба кыймылын тейлөө мамлекеттик ишканасынын» эсебине авиадиспетчерлер менен ишканын башка кызматкерлерине субсидияларды төлөп берүү үчүн 6 млн 833 миң сом бөлүп бергенин аныктаган.

Бирок башкы прокуратурада мекеменин которуулары «негизсиз» болгон деп эсептешет, анткени «Аба кыймылын тейлөө мамлекеттик ишканасы» — кирешелүү ишканалардын бири.

Башкы прокуратура прокурордук акт түзүп, Транспорт жана жолдор министрлиги бөлүнгөн акча каражаттарын мамлекеттин бюджетине кайтарып берди.


ТЕМА БОЮНЧА: