Орусия: Саратовдо беш кыргыстандык жол кырсыгынан жабыркады

Орусиянын Саратов шаарынан алыс эмес жерде салонунда Кыргызстандын жарандары бар жеңил машина тоголонуп кеткен. Жол кырсыгынан улам беш адам жабыркап, алар ооруканага жаткырылган.

Жол кырсыгы 23-октябрь күнү эртең менен болгон. «Хонда» үлгүсүндөгү минивэндин айдоочусу унааны башкара албай калгандыктан машина жол тилкесинен чыгып оодарылып кеткен.

Натыйжада беш адам жабыркаган. Орусиялык ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, алардын бардыгы Кыргызстандын жарандары болушкан.

«Мокроус калктуу аймагынын жанында жеңил машина аңгекке түшүп оодарылып кеткен», — деп билдирди «РИА Новости» Мамавтоинспекциядан.

Жабыркагандар орто жаракаттары менен ооруканага жаткырылышты. Жол кырсыгынын себептери аныкталууда. Ошондой эле Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги дагы окуянын чоо-жайын аныктоодо.

Бул Саратовдо Кыргызстандын жарандары учураган биринчи эле жол кырсыгы эмес. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башында эки «Тойота» үлгүсүндөгү машина шосседен сүзүшүшкөн.

Анда Тышкы иштер министрлиги жети кыргызстандык жабыркаганын билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: