Орусия: Кыргызстандын жети жараны Саратовдо жол кырсыгынан жабыркады

Орусиянын Саратов шаарында «Тойота» үлгүсүндөгү эки машина сүзүшкөн. Жол кырсыгынан улам тогуз адам жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандардын жетөөсү кыргызстандыктар.

Орусиянын Маминспекциясынын алдын ала маалыматына ылайык, «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу «жол кесилиштеринен өтүү эрежесин бузуп», башка «Тойота» үлгүсүндөгү автоунааны барып сүзгөн.

Полициядан жол кырсыктан тогуз адам жабыркаганын билдиришти.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Айымкан Кулукеева Kloop.kgге курган маегинде, алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсыгында Кыргызстандын жети жараны жабыркаганын билдирди.

Бейтапканада орто жарат алган жети жаран бар. Эки жабыр тарткан адам ооруканага жатуудан баш тартышып, амбулатордук түрдө медициналык жардам алышууда.

Полиция жол кырсыгы боюнча текшерүү жүргүзүп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: