«Кумтөр» онкологиялык оорулуулар үчүн ырааттуу тездеткич сатып алууга 4 млн доллар бөлөт

«Кумтөр оперейтинг компани» Улуттук онкологиялык борборун жабдуулоо үчүн жабдыктарды сатып алууга 10 млн доллар бөлөт. Бул акчанын ичинен ырааттуу тездеткич сатып алууга 4 млн доллар коротулат.

«Жардам берген оңой» коомдук фонду ырааттуу тездеткич сатып алуу үчүн каражат чогултуу аягына чыкканын жарыялады.

«"Өмүр үчүн 1 доллар" улуттук кампания ырааттуу тездеткичке каражат чогултууну жапты! Биз биргеликте көйгөйдү өкмөткө жана президентке чейин жеткире алдык!», — деп жазылган фонддун фэйсбуктагы барагында.

Фонддун директору Динара Аляеванын айтымында, өкмөт 10 млн доллар бөлүп берүү боюнча «Кумтөр оперейтинг компани» менен келишим түзгөн.

«Өкмөт бул каражатты борборду жабдуулап жана жабдыктарды сатып алуу үчүн Улуттук онкология жана гематология борборуна өткөрүп берет. Жалпы каражаттын 4 млн доллары ырааттуу тездеткич сатып алууга жумшалат», — деди Аляева Kloop.kgге курган маегинде.

Онкология борборунун директору Эрнис Тилеков «Кактус» басылмасына курган маегинде ырааттуу тездеткич тендер аркылуу сатып алынаарын билдирди.

«Биринчи кезекте баасына жана тейлөө мүмкүнчүлүгүнө караш керек. Дүйнө жүзү боюнча ырааттуу тездеткичти бир нече өлкө өндүрөт. Көпчүлүгүнүн өз артыкчылыктары менен кемчиликтери бар», — деп түшүндурдү Тилеков.

Тездеткич сатып алуу үчүн садага чогултуулар 2016-жылдын май айында башталган. Бир жылдан кийин «Жардам берген оңой» фондунун эсебине 4,5 млн сом түшкөн, бирок жабдыкты сатып алууга бул акча жетишсиз болуп калган. Орточо эсеп менен бир ырааттуу тездеткич 3,5 млн доллар турат.

Бөлүкчөлөрдү ырааттуу тездеткич деген эмне?

Бөлүкчөлөрдү ырааттуу тездеткич — бул адамдын соо клеткаларына болушунча аз зыян тийгизип, өсмө клеткалары менен күрөшкөн аппарат.

Радиотерапия үчүн пайдаланылган алда канча эски аппараттардын коштомо зыяны абдан көп болчу.

Азыркы ырааттуу тездеткичтердин көпчүлүгү компьютер менен башкарылат, ал кайсы жерге нурдун агымын жибериш керек экенин абдан так эсептеп бере алат.

Ырааттуу тездеткичтин өзгөчөлүгү — ал нурга өсмө шишигинин формасын алууга жол бергенинде. Андыктан өсмө клеткалары жок кылынып, тегеректеги соо клеткалар кала берет.

Адистер алты миллион калкы бар Кыргызстанга 20дай ырааттуу тездеткич керек деп эсептешет. Азыр Улуттук онкология борборунда бир ырааттуу тездеткич бар, анын иштегенине 30 жылга жакындап калды. Ал эскирип, жарым-жартылай гана иштейт, андыктан тереңдеги шишиктерди дарылаш үчүн аны пайдаланыш мүмкүн эмес.

Кыргызстанга 2008-жылы тартууга келген «Terabalt» аттуу дагы бир ырааттуу тездеткич үч эсе көп жүктөм менен иштеп келатат, анын айынан иштен чыккан учурлары көп. Аппаратты техникалык тейлөөгө акча бөлүнбөйт. Ошондуктан дарыгерлер аны өз алдынча оңдогонго мажбур.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын 14-октябрдында оңдолуп бүткөн Улуттук онкология борборуна «Бабатрон» үлгүсүндөгү нур терапия аппараты орнотулган, азырынча борборго ырааттуу тездеткичти алып келишмейинче ошол аппарат менен онкологиялык оорулууларды даарылап турушат.


ТЕМА БОЮНЧА: