Ош облусу: «Мерседес» бетон тосмосун сүзүп, айдоочу каза болду

«Мерседес» үлгүсүндөгү машина Кашгар-Кыштак айылынын жанындагы жолдун тосмосун сүзгөн. Айдоочу кырсык болгон жерден көз жумуп, үч жүргүнчү ооруканада.

Жол кырсыгы 23-октябрь күнү Ош облусунун Кашгар-Кыштак айылындагы Бишкек — Ош жолунда болгон.

Сүрөт: turmush.kg

«Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу унааны башкара албай калып, жолдогу бетондон жасалган тосмону сүзгөн.

«Машина бир нече жолу тоголонуп кеткен, айдоочу кырсык болгон жерден кайтыш болуп, калгандары жергиликтүү ооруканага жаткырылган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, иликтөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти Ош облусунун ИИБнен.

Милициянын маалыматына ылайык, машина Кара-Суу шаарынан Ошту көздөй кетип бара жаткан.


ТЕМА БОЮНЧА: