Таластын аксакалдары Атамбаевден кечирим суроону талап кылышты

Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Таластын аксакалдары президент Алмазбек Атамбаевден кечирим суроону талап кылышты. Алар президенттин айткандарын «таарынткандык» деп аташты. Буга чейин Атамбаев «Манас» эпосунун саптарын угуудан баш тарткан Таластагы митингчилер үчүн «уялганын» билдирген.

Таластын аксакалдары сүйлөгөн маалымат жыйыны Бишкекте 26-октябрда өттү. Алар президенттен анын таластыктарга «Манас» эпосунун саптарын угуудан баш тарткандыктары үчүн уят болушу керек деп айткан сөздөрү үчүн кечирим суроону талап кылышты.

Аксакалдар Атамбаевдин айткандарын кемсинткендик деп эсептешти, эгерде президент кечирим сурабай турган болсо аксакалдар өздөрүнүн ар-намысы менен кадыр барктарын коргоо үчүн митингге чыгууну убадалашты.

Чыгып сүйлөгөндөрдүн бири Асанбек Дүйшөналиев 2010-жылдын 6-апрелинде таластыктар Бакиевдердин үй бүлөлүк кланына каршы чыгып, революция дал ошол Таластан башталганын эске салды.

«2010-жылдын 6-апрелинде таластыктар Бакиевдин үй бүлөлүк кланына каршы чыгышкан. 7-апрелде биздин балдар куралсыз аянтта болушкан», — деди Дүйшөналиев.

Алардын дагы бирөөсү Төрөбек Кешенбаев Атамбаевдин сөздөрү «таарынычтуу» болгонун айтты.

«Атамбаевдин айткандары биз үчүн таарынычтуу болду. Биз дайыма патриот болуп, Кыргыздандын биримдиги үчүн чыкчубуз. Биз таластыктар, нарындыктар, оштуктар жана чүйлүктөр Манастын урпагы экенин эске салгыбыз келет», — деди Кешенбаев.

Аксакалдар билдиришкендей, алар эпосту бир гана Масчынын айтуусунда укканга даяр, ал эми митингде эпостун саптарын кагаздан окуганга аракет кылышкан.

Атамбаевдин таластыктардын дарегине айткан сыны

Өлкө башчысы 18-октябрда президенттик стипендианттардын алдында сүйлөп жатып таластыктар Бабановду колдоо митингинде Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевге «Манас» эпосунун саптарын окутушпай койгонуна «капа болгонун» айткан.  

«Таластын губернатору Дайыр Кенекеев Манасты алып келип, Манас атанын сөздөрүн окуп берем десе, ышкырып, бакырып, окутпай койду жаш балдар. Бул таластыктар үчүн абдан уят», — деп билдирген Атамбаев.

Кийинчерээк Президенттик аппаратын жетекчиси Алмаз Үсөнөв билдиргендей, 16-октябрда Таласта өткөн митингдин катышуучулары «Манастын өлөөр алдындагы сөздөрүн угуудан баш тарткандыктары үчүн кечирим сурашы керек».Үсөнов каршылык акциясына чыккандардын иш-аракеттерин «кыжырды кайнаткан факт» деп атаган.


ТЕМА БОЮНЧА: