УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев генерал-майор наамын алды

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысына «генарал-майор» аскердик наамын ыйгарды. Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, Сегизбаев бул наамды «улуттук коопсуздукту камсыз кылууга олутту салым кошкону» үчүн алган.

Тийиштүү жарлыкка президент Атамбаев 28-октябрь күнү эртең менен кол койгон.

Мындан тышкары, президент «милициянын генерал-майору» наамын ИИМдин башчысы Улан Исраилов менен анын орун басары Данияр Абдыкаровго дагы ыйгарды.

Абдил Сегизбаев УКМКны 2015-жылдын ноябрынан баштап жетектей баштаган. Буга чейин ал ар кандай убакыттарда «Сорос-Кыргызстан» фондунда, Эл аралык швейцариялык ассоциациясы менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө эмгектенген.

Сегизбаев саясий ишмердигин 2003-жылы президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы катары баштаган. 2011-жылы ал Атамбаевдин кеңешчили болуп, андан соң президенттик аппаратты жетектеген.

Аны 2014-жылы УКМКнын төрагасынын орун басарлыгына дайындашып, Сегизбаев бир жылдан кийин аталган мекеменин башчылык кызматын аркалай баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: