Бишкек: Сот УКМКны «Бир-Дүйнөнүн» укук коргоочулары жөнүндө жалган маалыматтарды тараткан деп тааныды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Бир-Дүйнө — Кыргызстандын» кызматкерлери экстремизмге шектелгендин үйүн тинтүүгө жолтоо кылышкан деген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын маалыматын жараксыз деп тааныды.

Сот УКМКнын басма сөз кызматынын 2017-жылдын 24-январындагы маалыматын «чындыкка коошпойт» деп токтом кылды.

УКМКнын билдирүүсүндө «Бир-Дүйнөнүн» кызматкерлери экстремизге шектелгендин үйүн тинтүүгө алууда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жолтоо болууга аракет кылышкан деп айтылган. Ошондой эле, атайын кызмат тинтүү учурунда шектүүнун үйүндө «Бир-Дүйнөгө» байланыштуу экстремисттик материалдар табылганын билдиришкен.

Сот УКМКны ЖМКда анык эмес маалыматты төгүнгө чыгарууну милдеттендирди.

Укук коргоочулар соттун чечимине канааттанышканын билдиришти.

«Кече күнү абдан жакшы күн болду, бул биздин тогуз айдагы акыйкат үчүн, Кыргызстандагы мыйзамдуулук үчүн болгон күрөштүн жыйынтыгы», — деди «Бир-Дүйнө» укук коргоочу кыймылынын башчысы Төлөкан Исмаилова.

Укук коргоочулар соттор мындан ары дагы мыйзамдуулукту сактап, жарыяланган сот реформасынын жүрүшүнө көмөктөшүшөт деп үмүттөнүшөт.

УКМКга каршы арыз

УКМК 2017-жылдын январында Кара-Суу айлынын тургуну кармалып, тинтүү жүргүзүлгөнү боюнча маалымат жарыялаган. Ал «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна тийиштикке шектелген. Маалыматта шектүүдөн экстремисттик чакырыктары бар дисктер табылганы айтылган.

Атайын кызмат маалыматта кармоого «Бир-Дүйнөнүн» кызматкерлери жолтоо кылышканын айтышкан. Укук коркоочулар билдиришкендей, алардын кесиптештери кармоо учурунда ал жерде болушкан эмес.

Укук коргоочулар УКМК бул билдирүү менен укук коргоо уюмунун ишкердик беделин түшүрүүгө аракет кылган деп эсептеген, анткени маалыматты көптөгөн басымалар жарыялашкан. Ошондон кийин укук коргоочулар УКМКны сотко беришкен.

Соттук териштирүүлөр тогуз айга чейин созулган. Сот отурумдары ар кандай себептерден улам бир нече жолу жылдырылган.


ТЕМА БОЮНЧА: