«Бир Дүйнөнүн» УКМКга каршы доосу боюнча сот экинчи жолу кийинкиге жылды

Биринчи май райондук соту «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмунун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке каршы ишкерлик абройду коргоо боюнча доосу тууралуу отурумду экинчи жолу кийинкиге калтырды.  Атайын кызмат өкүлдөрү отурумга келишкен жок, анткени ошол учурда башка сот жыйынына барышы керек болчу.

Укук коргоочулардын УКМКга каршы доо арызы боюнча кийинки соттук отурум 4-майга дайындалды. «Бир Дүйнө Кыргызстандын» башчысы Төлөкан Исмаилованын айтымында, ишкерлик абройду коргоо боюнча ишти кароо экинчи жолу кийинкиге жылып отурат. Ал муну моралдык кысым деп эсептейт.

«Алар уюмду, бизди көзгө илбей, атайын эле чыңалууда кармап турушат […]. Алар сотко келип түшүндүрүшү керек эле, алар болсо мыйзамды бузушту. […] Бул Кыргызстанда сот системасын кемсинтүү жана тебелөө», – деди укук коргоочу Kloop.kg менен болгон маегинде.

«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмунун юристи Валерьян Вахитов Kloop.kgге сот бул доону эки ай ичинде карашы керек болгонун билдирди.

«Февралда ар-намысты коргоо боюнча доо арыз берилген. Бүгүн мына 24-апрель болду. Процессти эч эле баштай албай жатышат. Үчүнчү айга кетип баратат. Бүгүн кайра келишкен жок […] Сот ишти алардын катышуусу болмоюнча карай албайбыз деп койду», — деди Вахитов.

2017-жылдын январында УКМК «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна тиешеси бар деп шек туудурган Кара-Суу айылынын тургуну кармалып, тинтүүгө алынганын кабарлаган. Билдирүүдө шектүүнүн жанынан экстремисттик чакырыктары бар дисктер табылганы айтылган.

УКМК колго түшүрүү учурунда «Бир Дүйнө Кыргызстандын» кызматкерлери жүргөнүн жана алар шектүүнүн тинтүүгө жана камакка алынышына жолтоо кылышканын билдирген.

«Бир Дүйнө Кыргызстан» уюмунун өкүлдөрү алардын кызматташы окуя болгон жерде жүрбөгөнүн айтышкан. Исмаилова бул билдирүү менен УКМК укук коргоо уюмунун ишкерлик аброюн каралагысы келген деп эсептейт.

Ошондон кийин укук корргоочулар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти сотко беришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: