ЖМК: Президенттин инаугурациясы 24-ноябрда өтөт

Жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрга белгиленгени боюнча маалымат пайда болду. Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү салтанаты алкачкы жолу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенттик кызматка киришүү салтанаттуу аземи 24-ноябрга пландалууда деп билдирди «АКИпресс» басылмасы өзүнүн президенттик аппараттагы маалымат булактарына таянып.

24.kg басылмасы билдиргендей, Жээнбековдун инаугурациясы алгачкы жолу «Ала-Арча» мамрезиденциясында өтөт. Салтанаттуу процедурага ылайык, шайланган өлкө башчысы Конституция кармап ант берет.

Бирок ошого карабастан салтанат өткөрүлө турган жер менен күнү расмий жарыялана элек.

Жаңы президенттин кызматка киришүү салтанатту аземи 1-декабрга чейин өтүшү керек. Ошол эле учурда Алмазбек Атамбаевдин президенттик ыйгарым укуктары аягына чыгат.

Учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин салтанаттуу инаугурациясы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн.

Жээнбековдун шайоодогу жеңиши

Бийликчил КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. БШК анын жеңишин 30-октябрда жарыялаган.

Жээнбеков шайлоочулардын 54,22% добушун алган. Анын башкы атаандашы, ишкер Өмүрбек Бабанов добуштардын 33,49 пайызын алып, экинчи орунду ээлеген.

Шайлоого жалпысынан 1 млн 697 миң 868 адам келип, бул жалпы шайлоочулардын санынын 56,34% түзгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: