БШК Жээнбековду президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп атады

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун акыркы чечимин чыгарды. Ага ылайык, бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңүүчү деп таанылган.

Боршайком президенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча акыркы протоколго кол койду.

  • Сооронбай Жээнбеков — шайлоочулардын 920 миң 620 добушун алган, же 54,22% түзөт;
  • Өмүрбек Бабанов — 568 миң 865 добуш алган, же 33,49%;
  • Адахан Мадумаров — 110 миң добуш, же 6,67%;
  • Темир Сариев — 43 миң 311 добуш, же 2,55%;
  • Калган талапкерлер бир пайыздан аз добуш алышкан.

Шайлоонун жыйынтыктары сегиз шайлоо участкасында жокко чыгарылган. Шайлоого жалпысынан 1 млн 697 миң 868 адам келип, бул жалпы шайлоочулардын санынын 56,34% түзгөн.

БШКнын эки мүчөсү Гүлнара Журабаева менен Атыр Абдрахматова жыйынтыктоочу протоколго кол коюудан баш тартышты.

Абдрахматованын айтымында, Боршайкомдун ишин уюштурууда «ачыктык менен акылдашуу» болгон эмес.

Ал президенттикке талапкерлердин үгүт жүргүзүүсүндө жана аларга акысыз эфир бөлүп берүүдө теңдик бузулган деп эсептейт. Ошондой эле, ал президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун пайдасына үгүт кылган деп айтты.

Анын айтымында, студенттер менен маморгандардын кызматкерлерине кысым көрсөтүлүп, шайлоочуларга карата коркутуулар менен кысым болгон, мындан тышкары, БШК тарабынан административдик ресурска каршы туруу аракеттери болгон эмес.

«Шайлоо системасы эркин тандоого мүмкүнчүлүк берген жок», — деди Абдрахматова өз сөзүн жыйынтыктап жатып.

Буга жооп иретинде БШКнын мүчөсү Бахтияр Кадыров шайлоо «ачык айкын» болду деп билдирди.

«Шайлоо демократиялык шартта өткөрүлдү, чоң жумуш жалпы система менен жүргүзүлдү. Жыйынтыгын биздин эл кабыл алган шайлоо болду. Жарандар тарабынан арыздануулар же олуттуу эреже бузуулар болгон жок», — деди БШКнын мүчөсү Бахтияр Кадыров.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өттү. Жарыштын башында бийликчил социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: