Бишкекке 52 жаңы троллейбус келет

«Тролза» менен «Белкоммунмаш» компаниялары Европа реконструкция жана өнүктүрүү (ЕРӨБ) банкынын грантына Бишкекке 52 жаңы троллейбус алып келишет. Ошондой эле, келишимдин шарттарына троллебус паркынын кызматкерлерин окудаан өткөрүү кирет.

Жаңы троллейбустарды сатып алуу жана жеткирүү боюнча тендер Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын эсебинин колдоосунда өткөрүлгөн. Тендерде Бишкекке 52 троллейбус жеткире турган орусиялык «Тролза» менен белорусиялык «Белкоммунмаш» компаниялары уткан.

«Тролза» Бишкекке 37, ал эми «Белкоммунмаш» 15 троллейбус жеткирет. Ошондой эле, «Тролза» троллейбус башкармалыгынын алдында шаардык троллейбус башкармалыгынын кызматкерлерин окуудан өткөрүү жүргүзүлөт.

«Учурда аталган компаниялар тарабынан троллейбустарды жеткирүүнүн мөөнөттөрү түзүлүп жатат», — деп билдиришти мэриядан Kloop.kgнин кабарчысына.

Троллейбустарды алып келүү менен кызматкерлерди окутуу келишиминин каражатынын жалпы өлчөмү 4,95 млн еврону түзөт.

Троллейбустарды сатып алуу боюнча мурдагы келишим дагы 2013-жылы Европа өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашырылган.

Анда Бишкекке 44 «Тролза» троллейбусу алынып келинген, ал эми 2017-жылы Ош шаарына ошол эле компаниянын 23 троллейбусу жеткирилген.

Учурда троллейбустар Кыргызстандын үч шаарында катташат — Бишкекте, Ошто жана Нарында.


ТЕМА БОЮНЧА: