Парламент эки жаңы майрамды бекитти — «Тарых» жана «Бабаларды эскерүү» күнү  

Парламентте 7-8-ноябрды Тарых күнү менен Бабаларды эскерүү күнү деп бекитишти. Жаңы майрамдар президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен киргизилди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, депуттар президенттин 7си менен 8-ноябрды Тарых күнү менен Бабаларды эскерүү күнү боюнча берген сунушун кабыл алышты.

Ошентип кыргызстандыктар бул жылы 5 күн катары менен эс алышат — 4,5,6,7 жана 8-ноябрь күндөрү.

«Өнүгүү — Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин оюнча, 7-ноябрды Улуу Социалисттик октябрь революциясынын күнү катары калтыруу керек.

«Башкаларды билбейм, бирок кыргыз эли Октябрь революциясына чоң маани беришет. Ошол эле учурда биз 8-ноябрды Тарых жана Бабаларды эскерүү күнү катыры белгилөөгө каршы эмеспиз», — деди Масалиев.

КСДП бийликчил партиясынын депутат Иса Өмүркуловдун айтымында, жаңы мыйзам долбоору ошол эле учурда 7-ноябрдагы майрамды жокко чыгарбастан, болгону 8-ноябрга жаңы майрам күнүн киргизүүдө.

Атамбаевдин сунушу

Алмазбек Атамбаев 26-октябрда жаңы майрамдарды киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Президент майрамдарды киргизүүнү «1917-жылдагы Февралдык жана Октябрдык революциялары менен 1916-жылдагы кандуу окуяларга объективдүү тарыхый баа берүү» менен түшүндүргөн.

Ошондон көп өтпөй эле, Орусиянын Мамдумасынын вице-спикери Игорь Лебедев Орусияда жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында кыргызстандыктарга улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү колдонууга тыюу салууну сунуштаган.

Лебедевдин оюнча, Атамбаевдин Кыргызстанда Октябрь революциясынын күнүн «Тарых күнү» менен «Бабаларды эскерүү  күнүнө» алмаштыруу «душмандык кадам» болгон.    

«Кыргызстанда орус тили экинчи расмий тил катары эсептелет. Бирок биз азыр кыргыздар Кыргызстандын Орусияга каршы көтөрүлүү күнүн улуттук майрам кылып алышканын көрүп турабыз. Биз бул нерсени биздин өлкөгө карата абдан эле душмандык кадам деп эсептейбиз», — деген ал.

Ал эми президенттин аппараты өз кезегинде билдиргендей, анын айткандары «анын окуянын маанисин толугу менен түшүнбөгөнүн айгинелеп турат».  

«Бул теманы өз мүдөөсүнө пайдалануу аракети менен өз мамилесин эмгек мигранттарынан чыгаруу адептүүлүккө жатпайт жана көзкарандысыз мамлекетке карата кечиримдүү эмес», — деп айтылган билдирүүдө.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, 1916-жылдагы окуяларды өлкөдө «Октябрь революциясын позитивдүү кабылдоонун себепкери» катары түшүнүү адилеттүү эле көрүнүш.

Билдирүүдө бул окуялар «кыргыздарга өзүнүн улуттук мамлекеттүүлүгүн алууга» мүмкүндүк берген деп айтылган.


ТЕМА БОЮНЧА: