Президент Элдер достугу монументин көрктөндүрүүгө 3 млн сом бөлдү

Президент Алмазбек Атамбаев президенттик фонддон Кыргызстан менен Орусиянын элдеринин достугун билдирген монументти көрктөндүрүүгө 3 млн 111 миң сом бөлдү.

Элдер достугу менен эстеликтин айланасындагы гүл бакчаны көрктөндүрүүгө 3 млн 111 миң сом президенттик фонддон бөлүнөт.

Монумент Кыргызстан менен Орусиянын элдеринин өз ара достугун билдирип турат.

Эстелик 1974-жылы Кыргызстандын Орус империясынын курамына өз ыктыяры менен киргенинин 100 жылдыгынын урматына арналып, ачылган.

Монумент Чүй проспектисиндеги Тарых музейинин аймагында жайгашкан.

Эстелик начар абалда жана оңдоп түзөөгө муктаж.

Буга чейин опера жана балет театрын көрктөндүрүп турган Ольга Мануилованын скульптурасы менен скульптор Владимир Кругмандын «Нурлуу балыктар» фонтаны оңдоп түзөөдөн өткөн. Ошондой эле, Бишкектин борборундагы Эмен бакчасынынын ачык асман алдындагы музейинин скульптуралары жуулуп-тазаланган.


ТЕМА БОЮНЧА: