Белгисиз адамдар Текебаевдин кылмыш ишинин көчүрмөсүн уурдап кетишкен

Соттолгон оппозициячыл Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов билдиргендей, анын үйүнө белгисиз адамдар кирип, оппозиционердин кылмыш ишинин көчүрмөсүн уурдап кетишкен.

Белгисиз адамдар адвокаттын үйүнө болжолдуу таңкы саат 4:00дө киришкен.

Хасановдун айтымында, алар биринчи кабаттын терезесин «чыгарышып», ичине кире алышкан.

«Биз экинчи кабатта уктап жатканбыз. Колуктум башка бөлмөдө болчу, кыйкыра баштады. Мен чыга калып буттардын үндөрүн уктум», — деди Хасанов.

Анын версиясы боюнча, белгисиз адамдар анын үйүнө кошуналардын короосу аркылуу кирен алышкан.

«Кимдир бирөө бул менин үйүм экенин билген. Эгерде бул жөнөкөй эле ууру болсо, анда ал бул нерсени кайдан билмек эле? [...] Алар менин итим жок экенин дагы билишкен. [...] Бизде ашканада дайыма жарык күйүп турат. Алар ошого карабастан кирип келишкен», — деп билдирди Хасанов.

Адвокаттын айтымында, белгисиз адамдар эч кандай баалуу буюмдарды алышкан эмес, бирок анын үйүнөн Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишинин көчүрмөсү менен белекке берилген «оюнчук» тапанча жоголгон.

Адвокат дароо эле милиция чакырган, бирок ал ыкчам тергөө кызматкерлерин бир саат аралыгындай күткөн.

Милиция азырынча белгисиз адамдардын Хасановдун үйүнө кириши боюнча окуяга комментарий бере элек.

Текебаевдин иши

Канат Хасанов соттолгон оппозициячыл Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын бири болчу.

Саясатчыны орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар өлчөмүндө пара алуу жана коррупция боюнча күнөөлүү деп таанышкан. Текебаевге мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган. Бирок мунапыс колдонулганына байланыштуу Текебаев абакта болгону 4,5 жыл отурат.

Ал эми Текебаев өзү жана анын тарапкерлери саясатчыга каршы ишти «саясий мүнөздүү» деп эсептешет, анткени оппозиционер президент Алмазбек Атамбаев жүргүзгөн саясатты сынга алып турган.


ТЕМА БОЮНЧА: