«Ата Мекен» партиясы Салянова менен Текебаевдин коопсуздугун камсыздоону талап кылды

«Атам Мекен» партиясынан билдиришкендей, Улан Саляновдун өлтүрүлүшү «саясий», ошондуктан анын эжеси жана мурдагы башкы прокурор Аида Салянова менен партиянын башчысы Өмүрбек Текебаевдин коопсуздуктарын камсыздоо керек.

Партияда Улан Саляновдун өлүмүн анын эжеси, депутат Аида Салянованын саясий ишмердигине байланыштуу деп эсептешүүдө.

«Улан Саляновдун өлүмүнүн артында саясий негиз бар жана балким анын эжесинин мурдагы ишмердиги менен саясий көз карашына байлыныштуу болушу мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.

«Ата Мекен» мындай бүтүм чыгарууга бир нече жагдайлар бар деп белгилөөдө: куралдуу кол салуу даярдалган адамдар тарабынан ишке ашкан; баалуу эч нерсе алышкан эмес; Аида Салянованын дарегине ал башкы прокурор болуп турган учурда коркутуп-үркүтүүлөр келип турган.

«Биз ачык оппозициянын өкүлдөрү менен өзүнчө бир саясий каршылаштарды жок кылуу коркунучу бүгүнкү күнү деле бар деп эсептейбиз. Бизде партиянын башчысы Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу менен өмүрүнө реалдуу коркунуч жаралып жатат деп эсептегенге бардык негиздер бар. Ошондой эле, ар кандай жасалмалыктар жана атайын сценарийлер менен аны уюшкан кылмыштуу топтордун колу менен жок кылып коюштары мүмкүн», — деп айтылган партиянын билдирүүсүндө.

«Ата Мекен» партиясы өкмөттөн Аида Салянова менен анын үй-бүлөсүн кайтарууга алып, ошондой эле, Өмүрбек Текебаевдин коопсуздугуна кам көрүүнү талап кылууда.

Бирок Улан Саляновдун өлүмүнөн кийин милиция иш «саясий» эмес экенин жана кылмыштын башка версиялары дагы каралып жатканын билдирген.

Улан Саляновду өлтүрүү 6-ноябрга караган түнү болжолдуу саат 2:20да Бишкектин Достоевский көчөсүндө жайгашкан өз үйүндө болгон.

Аида Салянованын 42 жаштагы иниси бет капчан жана камуфляж кийген үч белгисиз адам төшүнө эки жол ок чыгаруудан соң каза болгон.

Аида Саляновага каршы иш

Аида Салянова — учурда «Ата Мекен» фракциясынан депутат — 2011-жылдан тартып 2015-жылга чейин, төрт жыл аралыгында Кыргызстандын башкы прокурорлук кызматын аркалап турган.

Салянова өзүнүн башкы прокурордук ишмердигинде президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосун пайдаланган, бирок өлкө башчысы менен болгон келишпестиктерден улам өз кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Атамбаев менен болгон келишпестиктер Салянова өлкө башчысынын эң башкы каршылаштарынын бири Өмүрбек Текебаевдин «Ата Мекен» оппозициялык фракциясына кошулгандан кийин дагы күчөй баштаган.

Учурда Саляновага каршы мурда юстиция министри болуп турган кезде кулатылган президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып бергендиги үчүн соттук жараяндар жүрүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: