«Мегакомдун» сатылышы жылдын аягына чейин белгилүү болот

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) жетекчиси Болсунбек Казаков билдиргендей, «Мегакомду» сатуу боюнча келишим ишкер Елена Нагорная менен жылдын аягына чейин түзүлүшү мүмкүн.

Казаковдун айтымында, фонддун өкүлдөрү Нагорнаянын юристтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

«Сүйлөшүүлөр жүрүүдө, Нагорнаянын эксперттик тобу финансылык жана юридикалык анализдерди жүргүзүп жатат. Анын айтымында, бул иштер жакын арада аяктайт, андан кийин сатып алуунун шарттары талкууланат. MegaCom компаниясынын сатылар-сатылбасы жыл аягына чейин белгилүү болот», — деди Казаков.

Ошондой эле, Казаков Нагорная азырынча өзүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгү боюнча документ бере электигин кошумчалады.

«Нагорнаянын абалын текшерүү баскычына биз азыр жете элекпиз. Бизди Нагорная келишим түзөөр учурда бул нерсенин бардыгын көрсөтөт деп ишендиришүүдө. Ошондой эле, келишим түзөөр алдында ал өз эсебиндеги акчаларды бизге көрсөтүшү керек деген талаптарыбыз бар. Сатып алуу-сатык учурунда бизде анын абалы боюнча бардык керектүү маалыматтар болот», — деп ишендирди аталган мекеменин башчысы.

Ал Нагорная мурдагыдай эле компаниянын бардык соттук иштери боюнча жоопкерчиликтерди өзүнө алууга милдеттүү болуп кала тургандыгын жана ал үчүн 13,5 млрд сом төлөөгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Нагорная — «Мегакомдун» 100 пайыз акциясын сатып алуу үчүн Маммүлк фондусуна билдирме тапшырган жалгыз ишкер.

Елена Нагорная деген ким?

Анын жеке сайтындагы маалыматына ылайык, ал Сапаттуу жана коопсуз азык-түлүктөрдү ташыган өндүрүшчүлөр ассоциациясынын түзүүчүсү болуп эсептелет.

Нагорная 2014-жылы орусиялык жана африкалык уюмдарынын кызматташтыгы үчүн коммерциялык эмес «Афирика өлкөлөрүнүн соода-сатык альянсын» негиздеген.

Мындан тышкары, Нагорная Орусиянын мамдумасынын алдындагы өнөр-жай боюнча эксперттик кеңешинин курамына кирет.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов билдиргендей, орусиялык ишкер Нагорнаянын каражаты жок жана ал менен келишим түзүү — кезектеги «алдамчылык менен тоноо».

Ал Нагорнаяга катталган барлык компаниялардын ишмердигин иликтеп чыккандан кийин мындай бүтүм чыгарган.

«Мегаком» боюнча соттук иштер

Үстүбүздөгү жылдын августунда Орусиялык Penwell компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнөн «Мегакомду» мыйзамсыз басып алуу үчүн 200 млн доллар талап кылган.

Компаниянын өкүлдөрү 2006-жылы «Мегаком» алардын каражатына түзүлгөнүн айтышууда, ал эми 2008-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда компания рейдерлик жол менен басып алынган.

Маммүлк фондусунун башчысы Болсунбек Казаков билдиргендей, Penwell компаниясынын эл аралык сотко кайрылуусу үчүн эч кандай юридикалык далилдери жок.

«Мегаком» Кыргызстандагы үч ири байланыш операторунун катарына кирет. Ал үч миллиондон ашуун абонетти тейлейт жана дээрлик бүткүл өлкө аймагын камтыйт.

Мындан тышкары «Мегаком» компаниясын 2016-жылдан бери сата албай келишет, компаниянын баштапкы баасы 19 млрд сом деп белгиленген болчу.

Бирок, компанияны сатуу боюнча үч жолку аукциондо сатып алуу үчүн бир дагы билдирме келип түшкөн эмес. Ошол себептүү анын баасы 13,5 млрд сомго төмөндөтүлгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: