Чүй облусу: Машина Чүй каналына кулап, эки адам каза болду

ГЭС-5 менен Жер-Казар айылынын ортосундагы Чоң Чүй каналына машина кулап кеткен. Машинада болгон эркек киши менен өспүрүм каза болуп, дагы үч адам өз алдынча жээкке чыга алышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 7-ноябрда болжолдуу саат 21:00дө Чүй облусунун Аламүдүн районунда болгон.

«Пежо» үлгүсүндөгү авто унаада беш адамдан турган үй-бүлө келе жаткан: жубайы менен жолдошу жана алардын үч баласы.

Машина каналга кулагандан кийин апасы менен баласы жана кызы суудан өз алдынча жээкке чыга алышкан.

Анын жолдошу менен дагы бир баласы авто унаадан чыга албай калышып, чөгүп кетишкен. Куткаруучулар алардын сөөктөрүн машинадан чыгарышып, милициянын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Милиция окуянын чыгышынын себептерин аныктап жатат.

Иллюстративдик сүрөт.


ТЕМА БОЮНЧА: