Активисттер Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы Жогорку Кеңештин алдында митингге чыгышты. Өзгөртүүлөр бюджетти түзүүчү ишканаларга «өзгөчө учурларда» мөңгүлөрдө кен иштетүүгө уруксат берет.
Парламенттин алдына 50дөн ашуун активисттер «Мөңгүлөрдү жок кылууну токтоткула» деген чакырык менен митингге чыгышты. Каршылык акциясына чыккандар мөңгүлөрдө кен казууга уруксат берген Суу кодексине киргизиле турчу өзгөртүүлөрдү кабыл албоону талап кылышты.
Укук коргоочу Калича Умуралиеванын айтымында, депутаттар бул мыйзам долбоору боюнча коомдук уктурууларды өткөрүшкөн эмес.
«Бул мыйзам долбоору элдин кызыкчылыгына каршы келет. […] Сүйлөшүп алуулар биздин депутаттар менен Кумтөрдүн ортосунда болууда. Биз коррупцияга "жок" деп айтышыбыз керек. Мөңгүлөр жок болсо суу жок, суу жок болсо жашоо жок», — деп билдирди ал.
Умуралиева мыйзам долбоорун кабыл алуу жагымсыз эл аралык кесепеттердин чыгышына себеп болот деп кошумчалады. Анткени Кыргызстан мөңгүлөрдү сактоо багытында иш алып баруу боюнча милдеттенмелерди алган.
Активист Айя Ибраимова билдиргендей, бийликтегилер мыйзам долбоорун «жашыруун жана тез» кабыл алууга аракет кылышкан.
«Биздин бийликтегилер өздөрүн, өз элин, өз гимнин дагы сыйлашпайт. Алар бир гана башкалардын акчасын баркташат. […] Биз азыр гана бул мыйзам долбоору үчүнчү окууда турганын билдик. Бул бат жана жашыруун кылынган. Бул бийликтегилердин кызыкдар экенин айтып турат», — деди ал.
Укук коргоочу Рита Карасартова бул өзгөртүүлөрдү кабыл алуу коруупция, тоо-кен өндүрүүчүлөр менен аткаминердлердин ортосунда сүйлөшүп алууларга алып келет деп эсептейт.
«Башка өлкөлөр өздөрүнүн мөңгүлөрүн сактоо үчүн жана алардын ээрип кетишин азайтуу максатында мөңгүлөрүн кездеме менен жабышат, биздин эл мөңгүлөрдү бузуп, бул нерсенин баарын мыйзам чегинде жасап жатат», — деди ал.
Анын айтымында, коңшу өлкөлөр дагы өкмөттүн демилгесине каршы чыгуулары керек, анткени алар Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн сууларын пайдаланышат. Укук коргоочу эгерде бул өзгөртүүлөр кабыл алына турган болсо, эл аралык коомчулук Кыргызстанга карата штрафтык санкцияларды киргизе алат деп эсептейт.
«Биздин мамлекет тоо-кен өндүрүү компаниялары менен сүйлөшүп алып, тез келе турган киреше жөнүндө гана ойлойт», — деди ал.
Ал эми өкмөт өзү өзгөртүүлөрдү «экономикалык түшүнүктөр» үчүн кабыл алууну сунуштап жатат.
Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөр
Парламенттин агрардык саясат боюнча комитети 31-октябрда үчүнчү окууда Суу кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөрдү колдогон.
Өзгөртүүлөр жалпы уктурууларда депутаттар тарабынан талкууланышы керек болчу. Бирок, укук коргоочулардын айтымында, өзгөртүүлөр дароо эле үчүнчү окууда болуп калган. Эгерде парламент үчүнчү окууда өзгөртүүлөрдү колдой турган болсо, анын күчүнө кириши үчүн президенттин кол коюшу гана керек болуп калат.
Бул өзгөртүүлөрдө өкмөт мөңгүлөрдүн ээришин тездеткен же жок кыла ала турган «ири салык төлөөчүлөр менен бюджетти түзүүчү ишканаларга өзгөчө учурларда» кен иштетүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатат.
Кенди иштетүүгө уруксат берүү маморгандын эксперттик корутундусунун негизинде кабыл алынат, бирок кайсыл орган экени такталган эмес.
Учурдагы Суу кодекси мөңгүлөрдүн ээришин тездеткен күлдөрдү, майларды, көмүрдү жана башка заттарды колдонуу менен ишмердик жүргүзгөнгө тыюу салат.
Эгерде өзгөртүүлөрдү колдошсо «Центерра» компаниясы бюджетти түзүүчү ишкана катары Кумтөр алтын кенинин барбордук карьерине жакын жайгашкан Давыд жана Лысый мөңгүлөрүндө кен иштете алат.
Экологдор менен адистер мындай кадамдар мөңгүлөрдүн кыйрашына алып келиши мүмкүн деп эсептешет.