Өкмөт Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнөн кен казууну сунуштап жатат

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекекттик комитети Суу кодексиндеги өзгөртүүлөрдү алмаштырды. Эми кендерди Кумтөр кенине жакын жайгашкан Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүндө казуу сунушталууда.

Аталган мекеме парламенттин үчүнчү окуусуна Суу кодексине жаңы туюндурмада өзгөртүүлөрдү чыгарды.

Өзгөртүүлөргө ылайык, пайдалуу кен байлыктарын Кумтөр кенинин борбордук карьерине жакын жайгашкан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө гана казууга уруксат берилет.

«Күлдөрдү, майларды, көмүрдү жана башка заттарды колдонуу менен мөңгүлөрдүн ээришинин тездешине таасир эткен ишмердик жүргүзгөнгө, ошондой эле, мөңгүлөрдүн абалы менен андагы суулардын сапатына  таасир эткен жана дагы музду иштетүүгө байланыштуу ишмердүүлүккө тыюу салынат. Буга Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү кирбейт», — делет мыйзам долбоорунда.

Мөңгүлөрдө иш алып баруу боюнча корутунду көз карандысыз экспертизага негизделип, ыйгарым укуктуу маморган тарабынан кабыл алынат.

Мамкомитет бул өзгөртүүлөрдү «Кумтөр кенинин токтоосуз иштөөсүн камсыздоо үчүн» кабыл алуу керек деп эсептейт.

Аталаган мекемеде билдиргендей, Давыдов мөңгүсүнүн жарымы урап, кендин карьерин суу каптап кетиши мүмкүн, өз кезегинде ал бюджетти түзүүчү компаниянын жумушуна коркунуч туудурат.

«Карьер мөңгүлөргө жакын жайгашкандыктан, Давыдов мөңгүсүнүн түштүк-чыгыш жана түштүк жеңдериндеги мөңгү массаларынын жылышынан карьердин борттору дайыма кысымга кабылууда, бул алардын суу ташкыны жана уроо коркунучу менен деформациянын чыгышын шарттайт», — деп айтылат Мамкомитеттин билдирүүсүндө

Мындан тышкары, өкмөттө бир нече жолу билдиришкендей, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн көпчүлүк бөлүгү ээрип кеткен.

31-октябрда агрардык саясат боюнча комитет кабыл алган өзгөртүүлөрдүн мурдагы нускасында мөңгүлөрдүн ээришин тездеткен же жок кыла турган «ири салык төлөөчүлөр менен бюджетти түзүүчү ишканаларга өзгөчө учурларда» кен иштетүүгө уруксат берилет деп айтылган.


ТЕМА БОЮНЧА: