Бишкекте «Яндекс.Такси» кызматы ишке кирди

Эл аралык «Яндекс.Такси» онлайн-кызматы Бишкекте иштей баштады. Таксини интернет аркылуу гана чакырып, жол кире акысын бир гана отургузуу менен километрге төлөбөстөн, жол жүрүүнүн убактысына дагы төлөөгө туура келет.

«Яндекс.Такси» кызматы шаардагы башка такси кызматтары менен өнөктөштүктө иштейт.

Жаңы кызматтын өнөктөшү болуп калган «Намба Такси» компаниясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстанда азырынча «Яндекс.Таксинин» кеңсеси жок.

«Ал агрегаторлор аркылуу иштейт. Бул бир гана "Намба Такси" эмес, бирок биз алардын эң эле алгачкы жана ири агрегаторубуз», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Таксини кыргызстандыктарга ар кандай тилдерде жеткиликтүү болуп калган колдонмо аркылуу гана чакырууга болот. Учурда «Яндекс.Такси» өз кардарларына 500дөн ашуун унаа сунуштай алат.

Табыштамаларды кабыл алуу үчүн айдоочулар үч күн сайын текшерүүдөн өтүп туруулары керек.

«Үч күн сайын фото көзөмөл жүрөт — бул документтер менен машинанын абалын текшерүү. Айдоочу машинаны бардык ракурстарда тартып, 10-12 сүрөт жөнөтүп турушу керек. Бул Яндекстин кызматкерлери аркылуу кол менен текшерилет. Эгерде бардыгы жайында болсо, айдоочуга Яндекстин табыштамаларын алууга мүмкүндүк берилет. Ал эми эгерде шек саноолор болсо, айдоочуга эскертүүлөрдү жойгуча табыштамалар берилбейт», — деп кошумчалашты басма сөз кызматтан.

Отургузуунун баасы 25 сомду түзөт, ага жол жүрүүнүн биринчи беш мүнөтү кирет. Андан соң жол жүрүүнүн ар бир бир мүнөтүнө бир сомдон кошулуп, ар бир километр 10 сом болот. Жакын арада аталган кызмат люкс классындагы таксилерди чакыруу мүмкүнчүлүгүн көрсөтө баштайт.

«Кийинчерээк өзүнчө категориялар түзүлөт. Эгерде сизге "Геландваген" керек болсо сиз таксини көбүрөөк акчага чакыра баштайсыз. Бир-эки айдан кийин "комфорт" классындагы унаа пайда болот», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Яндекс Такси — 2011-жылы Орусияда мобилдик колдонмо аркылуу такси чакыруу үчүн негизделген онлайн-кызмат.

Аталган кызмат Орусияда, Беларуста, Молдовада, Украинада, Арменияда жана Казакстанда иштейт. Жалыпысынан аталган кызматка 200 миңден ашуун айдоочу кошулган.


ТЕМА БОЮНЧА: