Патрулдук милиция жол кырсыктарынын санын азайтуу үчүн штрафтарды көбөйтүүнү сунуштоодо

Патрулдук милициянын башкармалыгы жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында жол кыймылынын эрежелерин бузгандык үчүн штарфтарды көбөйтүүнү сунуштап жатат. Патрулдук милициянын маалыматына ылайык, 2017-жылы өлкө боюнча жол кырсыктарынын саны 8 пайыздан ашкан.

Патрулдук милициянын башчысынын орун басары Ыманалы Саркуловдун айтымында, 2014-жылы штрафтардын көтөрүлүшү жолдордогу абалды жөнгө салган.

«Учурда биз кайрадан Административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизип, штрафтарды көбөйтүүнү сунуштап жатабыз», — деди ал.

Саркуловдун айтымында, 2017-жылдын башында өлкө боюнча 5197 жол кырсыгы катталган. 2017-жылга салыштырмалуу алардын саны 8,3 пайызга өскөн.

Саркулов Бишкекте жол кырсыктарынын саны 2016-жылга салыштырмалуу 81 пайызга өскөн деди.

Патрулдук милициянын башчысынын орун басары билдиргендей, жол кырсыктарында 695 адам каза болгон. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 9,8 пайызга азайган.

Бирок жабыркагандардын саны 6,5 пайызга өсүп, 7839 адамды түзгөн.

Патрулдук милициянын маалыматына ылайык, жол кырсыктарынын эң эле көп кездешкен себептери жөө жүргүндөрдү сүзүү болгон, андан кийнки эле үч жылдан кем эмес тажрыйбалары бар айдоочулардын күнөөсүнөн улам болгон жол кырсыктары менен авто унаалардын сүзүшү.

Мындан тышкары депуттар жолдордогу кырдаалды жакшыртуу үчүн мыйзам долбоорун демилгелешүүдө, ага ылайык, айдоочунун жол кыймыл эрежесин бузгандыгы жөнүндө билдирген жарандар сыйакы ала алышат.

КСДПнын депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, сыйакынын өлчөмү эреже бузуучу төлөй турган штрафтын 10 пайызын түзүшү мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: