«Мамлекеттик программада памирлик кыргыздардын алыскы келечеги каралган эмес»

Ооганстандагы кыргыздар билим алуу үчүн Кыргызстанга келишти. Алар учурда Нарын облусунун Куланак айылында жашап жатышат. «Клооптун» студиясында памирлик кыргыздардын көнүшүү процесси кандай өтүп жаткандыгы тууралуу маек курдук. Талкууга мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова жана саясий антропология багытында изилдөөчү Динара Каныбек кызы катышты.

«Клооп»: Памирлик кыргыздардын Нарында отурукташып жашап кетүүсү боюнча кандай программа түзүлгөн?

Жыпара Мамбетова: Нарын облусттук администрациясы тарабынан атайын иш-чара иштелип чыгып бекитилген. Саламаттыкты сактоо тармагы алардын ден соолугун көзөмөлдөп, памирликтерге ылдамдатылган билим билим берүү жагы да карлаган. Азыр памир кыргыздарына кыргыз ариби үйрөтүлүүдө, андан кийин билим деңгээлине жараша класстарга бөлүштүрүлөт. Бул программа бир жыл аралыгында иштелип чыккан. Дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча памирликтер үч ай бою көнүшүү процессисинен сөзсүз түрдө өтүшү керек. Памирликтер канча убакыт Кыргызстанда болоору белгисиз. Себеби балдардын билим деңгээли азырынча аныктала элек. Балдар орто мектепти бүтүрүшү керек, андан кийин жогорку окуу жайларга тапшырууга мүмкүнчүлүк болот.

«Клооп»: Түзүлгөн программа памирлик кыргыздардын заманбап коомго аралашып кетүүсүнө канчалык жардам бере алат?

Динара Каныбек кызы: Тилекке каршы, Кыргызстанга алып келүү боюнча программа менен толук тааныш эмесмин. Ага кандайдыр бир баа берүүгө акым жок. Оюмду гана айтсам, мүмкүн мен түшүнбөй жаткандырмын, бирок мага логикасы жоктой сезилди. Себеби аларды убактылуу окутканга алып келдик. Кыргызстанда ассимиляция кылганга аракет кылып, биздин билим берүү системабыз боюнча окутуп жатабыз. Деги эле аларга керектүү кесиптер болсо керек, мисалы мугалим же врач. Биздин тамгалар менен үйрөтүп жатабыз. Алар Памирге барганда, баары бир бөлүнүп калат эмеспи. Мүмкүн өз жерине кайтканда, кайра Кыргызстанга кайтып келүү сезими ойгонот. Программада памирликтердин алыскы келечеги жөнүндөгү маселе камтылган эмес. Ушундай тарабы да каралса, жакшы болмок.

«Клооп»: Кыргызыстанга алып келбей эле жеринде үзгүлтүксүз жардам берип, билим алууга шарттарды түзүп берсе болмок дегендер да бар. Бул пикирге кандай көз караштасыздар?

Жыпара Мамбетова: Ооган Памиринде турмуш аябай эле оор. Алар деңиз деңгээлинен 4000-4500 метр бийиктикте жашашат. Ал жерде жүрөк кемтиги менен төрөлгөндөрдүн саны көп болуп чыкты. Эне менен баланын өлүмү да күч. Каражат болгондо да, көчмөн турмушка көнүп калгандарга билим берүү үчүн шарт түзүп берүү кыйын. Мындан тышкары коопсуздук менен камсыз кылуу да татаал болот.

Динара Каныбек кызы: Менин оюмча, эң эле жок дегенде 50 жылда аларды Кыргызстанга көчүрүп келүүгө өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жок. Мүмкүнчүлүк түзүлгөн күндө дагы, Ооганстан аларды бербейт. Жеринде эле кандайдыр бир шарт түзө баштасак болот. Белгилей кетсем, Памирде «Агахан» фонду жакшы иштерди алып барып жатат. Алар эки жыл мурун клиника куруп беришкен. Андан тышкары саламаттыкты чыңдоочу мекеменин жанына мектеп салышкан. Демек, шартарды түзүүгө болот. Алты миллион кыргызстандыктын ичинен Памирге барууга кызыккандардан жалгыз эле мен эмес болсом керек. Мага бир жыл жашаганга мүмкүнчүлүк берилгенде, жан деп бармакмын.

«Клооп»: Ооган Памиринде жашаган кыргыздардын азыркы жагдайы кандай?

Жыпара Мамбетова: Аларды тим коюшубуз керек деп айтып жатпайбызбы. Мен болсо, памирликтердин келечегин ал жакта көрө албайм. Мисалы, өткөн жылы Памирге барганда, жалпы жашоочулардын саны болжол менен 1800гө гана жеткен. Бул жылы мурда көргөн адамдарды жолуктура алган жокмун. Быйыл кышта канча адам көз жумду деп сурасам, бир шуурада (бир шуурада 30га чукул адам жашайт — ред.) он үчкө жакын киши деп жооп берди. Канчасы жаш балдар десем, булар бир гана чоңдору болгонун айтты. Ал эми көз жумган жаш балдардын санын эсепке алышпайт экен. Булардын саны жылдан-жылга кыскарып баратат.

Динара Каныбек кызы: Негизги, көйгөй алардын начар өлкөдө жашагандыгында болуп жатат. Маселе — алардын кандайдыр бир укуктары чектелип калгандыгында. Изилдөөчү катары айтсам, мен үчүн алар — жөн эле этникалык группа. Эгерде Ооганстан менен Тажикстандын мамилелери жакшырса, чек ара ачылмак. Себеби учурда памирликтердин документтери болгондо да, чек ара жабылып кала берет. Кытай чек арасы ачылса, памирликтер кытайлык кыргыздар менен алака түзүшүп, ыңгайлуу баада соода-сатык жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Алып баруучулар: Айсулуу Эркинбекова, Найзабек Мукамбетов.


ТЕМА БОЮНЧА: