Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 300 млн сом жумшалат

Каржы министри Адылбек Касымалиев билдиргендей, Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 300 млн сом бөлүнөт. Бул каражат акыркы мелдештерди өткөрүүгө бөлүнгөн акчадан беш эсе аз.

Парламенттин бюджет жана каржы боюнча жыйынында Адылбек Касымалиев билдиргендей, 2018-жылы Ысык-Көлдө өтө турган Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бюджеттен 307 млн сом бөлүү пландалган.

Бул каражат 2016-жылы Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жумшалган акчадан беш эсе аз.

«Каражаттар оюндардын алкагында өтө турган маданий иш-чараларга, мелдештерге жана байге фондуна кетет», — деди министр.

Бийлик Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 1,5 млрд сом жумшаган, алардын көпчүлүк бөлүгү Чолпон-Атадагы ат майданды курууга жана инфраструктураны реконструкциялоого сарпталган.

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылы өткөн. Спорт иш-чараларын өткөрүүгө 200 млн сомдон ашуун каражат жумшашкан.

Бирок кийинчерээк Башкы прокуратура Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоодо уюштуруучулар 11 млн сомго жакын акчаны коромжу кылышкан деп билдирген.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул Кыргызстанда ар эки жыл сайын өтө турган көчмөн калктардын эл аралык спорттук мелдештери.


ТЕМА БОЮНЧА: