Бабанов «Республика-Ата Журт» фракция башчылыгынан кетти

Депутат Өмүрбек Бабанов «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынын башчылыгынан өз каалоосу менен кетти. Ал өзүнүн ордуна мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин талапкерлигин кароону сунуштады.

Бабанов фракция лидерлигинен кетээри тууралуу арызды өз каалоосу менен жазган — саясатчынын кайрылуусун 13-ноябрда депутаттардын алдында анын партиялашы Талант Мамытов окуп берди.

«Арызда "Республика" партиясынын жана "Республика — Ата Журт" парламенттик фракциясынын иши мыйзам долбоорлорунун ийгиликтүү ишке ашуусу жана социалдык-экономикалык саясаттын өзгөрүшү багытында бирдиктүү жана ургаалдуу алып барылышы керек», — делет билдирүүдө.

Бабанов өз партиялаштарынан башчылык кызматка мурдагы Тышкы иштер министри жана өзүнүн партиялашы Руслан Казакбаевдин талапкерлигин кароону сунуштады. Бирок айрым депутаттар Казакбаевдин талапкерлигине каршы пикирлерин айтышты.

Өмүрбек Бабанов — мурдагы президенттикке талапкер жана бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы. Президенттик шайлоодо Бабанов добуштардын 33 пайызын алып, экинчи орунду ээлеген, ал эми ошол эле учурда Жэнбеков шайлоочулардын 54 пайыздан ашыгыраак добушун алып, шайлоонун биринчи эле турунда жеңишке жеткен.

Учурда Бабановго каршы «Амир-Тимур» (мурдагы Он Адыр) кичи районунда үгүт кампаниясынын учурунда «улуттар аралык кастыкты козуткан чакырыктар» үчүн кылмыш иши ачылган.

Кылмыш ишинин козголушуна саясатчынын «чөгөлөп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы» жана «ким, кайсы бир милиция өзбек калкына тийсе, ал кызматынан кетет. Мен сөз берем» деген сөздөрү себеп болгон.

Прокуратура анын айткан сөздөрү «улуттар аралык кастыкты козутууга, адамдарды баш ийбөөгө чагым кылуу жана учурдагы бийликти кулатууга» багытталган деп эсептейт.

Шайлоодон кийин Бабанов дарылануу үчүн Москвага кеткен. Ал Кыргызстанга келгенби же жокпу азырынча белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: