Маммүлк фондусу: «Мегакомду» бир нече компания сатып алгысы келет

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси (ММБФ) Болсунбек Казаков билдиргендей, «Мегакомду» сатып алууга дагы бир нече компания билдирме жөнөткөн. Мурдараак сатып алуучу катары жалгыз орусиялык ишкер Елена Нагорная чыгып жаткан болчу.

Казаков байланыш операторун сатып алууну каалап жаткан компаниялар туурасында 13-ноябрда фонддун жыйынында билдирди.

«Мен азырынча бул компанияларды ачыкка чыгара албайм, бирок кийинчерээк бул мүмкүн болот», — деди ал.

Казаков Маммүлк фондусунун мурдараак байланыш операторун сатып алууга билдирме тапшырган орусиялык ишкер Елена Нагорнаянын алдында эч кандай милдеттенмелери жок экенин кошумчалады.

Маммүлк фондусунун башчысы Нагорная менен келишимдерге кол коюла электигин түшүндүрдү, анткени учурда анын төлөөгө жөндөмдүүлүгү боюнча көрсөткүчтөрү изилденип жатат.

Анын айтымында, конкурс ачык негизде өтүүдө жана ар бир каалоочу компанияны сатып алууга билдирме тапшырса болот.

«Биз эч кимди чектеген жокпуз. Бүгүнкү күндө Маммүлк фондусу башка сатып алуучуларды дагы күтүп жатат. Биз "Мегакомдун" сатылышын мүмкүн болушунча ачык жүргүзөбүз», — деди ал.

Мурдараак Казаков Нагорная менен болгон келишимге үстүбүздөгү жылдын аягына чейин кол коюла тургандыгын айткан.

Елена Нагорная деген ким?

Елена Нагорная — «Мегаком» байланыш операторун 13,5 млрд сомго сатып алууга билдирме тапшырган орусиялык ишкер. Ошондой эле, ал компаниянын бардык соттук иштери боюнча жоопкерчиликтерди өзүнө алууга милдеттенме алат.

Анын жеке сайтындагы маалыматына ылайык, ал Сапаттуу жана коопсуз азык-түлүктөрдү ташыган өндүрүшчүлөр ассоциациясынын түзүүчүсү болуп эсептелет.

Нагорная 2014-жылы орусиялык жана африкалык уюмдарынын кызматташтыгы үчүн коммерциялык эмес «Афирика өлкөлөрүнүн соода-сатык альянсын» негиздеген.

Мындан тышкары, Нагорная Орусиянын мамдумасынын алдындагы өнөр-жай боюнча эксперттик кеңешинин курамына кирет.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов билдиргендей, орусиялык ишкер Нагорнаянын каражаты жок жана ал менен келишим түзүү — бул кезектеги «алдамчылык менен тоноо».

Ал Нагорнаяга катталган бардык компаниялардын ишмердигин иликтеп чыккандан кийин мындай бүтүм чыгарган.

«Мегаком» боюнча соттук иштер

Үстүбүздөгү жылдын августунда Орусиялык Penwell компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнөн «Мегакомду» мыйзамсыз басып алуу үчүн 200 млн доллар талап кылган.

Компаниянын өкүлдөрү 2006-жылы «Мегаком» алардын каражатына түзүлгөнүн айтышууда, ал эми 2008-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда компания рейдерлик жол менен басып алынган.

Маммүлк фондусунун башчысы Болсунбек Казаков билдиргендей, Penwell компаниясынын эл аралык сотко кайрылуусу үчүн эч кандай юридикалык далилдери жок.

«Мегаком» Кыргызстандагы үч ири байланыш операторунун катарына кирет. Ал үч миллиондон ашуун абонетти тейлейт жана дээрлик бүткүл өлкө аймагын камтыйт.

Мындан тышкары «Мегаком» компаниясын 2016-жылдан бери сата албай келишет, компаниянын баштапкы баасы 19 млрд сом деп белгиленген болчу.

Бирок, компанияны сатуу боюнча үч жолку аукциондо сатып алуу үчүн бир дагы билдирме келип түшкөн эмес. Ошол себептүү анын баасы 13,5 млрд сомго төмөндөтүлгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: