Жолдордогу камералар. Машина кимге катталган болсо ошого штраф салынат

Өкмөт жол кыймыл эрежелерин бузгандарды жолдордо орнотулган камералар аркылуу каттаганы жатат. Патрулдук милициянын начальнигинин айтымында, штрафтар машинанын чыныгы ээсине эмес унаа кимге катталган болсо ошого салынат.

Өкмөт жол кыймылынын коопсуздугун камсыздай турган чаралардын тизмесин түзгөн — пункттардын биринде укук бузууларды катоо үчүн камераларды орнотуу көрсөтүлгөн.

Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын начальниги Каныбек Жумашалиев «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, штрафтар автоунаалардын чыныгы ээлерине эмес юридикалык ээлерине барып турат.

«Штрафтар машина катталган адамга барып турат. Кожоюн штрафтарды төлөө үчүн машинанын ээсин өзү издейт. Акырындык менен адамдар машиналарды каттай башташат», — деди ал.

Кыргызстанда авто унааларды ишеним кат аркылуу сатуу практикасы бар — ээлик кылган адам нотариус аркылуу транспортко ээлик кылуу укугун сатып алуучуга берет, бирок ошол эле учурда машинанын юридикалык ээси болуп кала берет.

Ишеним кат аркылуу сатуу практикасы арзандыгы жана жол-жоболордун тездиги менен түшүндүрүлөт, ошол эле кезде толук каттоого алуу кымбат жана бир неече сааттан бир нече күнгө чейин созулуп, абдан эле жай өтөт.

Жумашалиев штрафтарды төлөөдө жарала турган кыйынчылыктарды моюнга алды, бирок анын айтымында, машиналардын юридикалык ээлери машиналарын саткан адамдарды өздөрү издеши керек.

«Бул айрым бир кыйынчылыктарга алып келет. Учурда, мисалы, ишеним кат аркылуу машинанын бешинчи кожоюну болушу мүмкүн, бирок ал башка адамга катталган», — дейт ПМдин начальниги.

«Унаа сатып жатсаңар, кайра каттаткыла»

Өкмөттүн планына ылайык, алгач авто унааны кайра каттоонун баасы төмөндөтүлөт, андан соң авто унааны катоосу жок башкаруу үчүн штрафтар пайда болот.

Активист Айбек Баратов эреже бузууларды камеранын жардамы менен каттоону мурда эле киргизүү керек болчу деп эсептейт. Анын айтымында, бул машиналардын юридикалык ээлери эле азап тартып, ал эми чыныгы кожоюндардын бул жазадан кача башташынын чыгышына алып келет.

«Эгерде сиз машинаңызды сатып жаткан болсоңуз, кайра каттооого алыңыз. Каттатканга акчам жок деген сыяктуу суранычтарга ишенип кереги жок. Кайра каттатууга акча жокпу, машинаны сатып алба», — деп эсептейт ал.

Баратов бийликтегилер авто унаалардын ээлери транспорт каражаттарын каттоого алууга жетишип калуулары үчүн маалымат кампаниясын жүргүзүшү керек деп эсептейт.

«Бийликтегилер бардыгына штраф салына баштайт деп айтуу менен бирге жарандарга маалымат бериши керек. Эгерде сиздерге штраф келбей турганын кааласаңар өз машиналарыңарды кайра каттоого алгыла, кимге сатканыңарды тапкыла», — деди ал.

«Коопсуз шаар»

Планга ылайык, камераларды орнотуу 30-ноябрга чейин аякташы керек, тагыраак айтканда документти түзгөндөн баштап дээрлик үч аптада бүтүшү шарт.

Бирок Жумашалиев камераларды орнотуунун так мөөнөтү белгисиз дейт. Анын айтымында, бул иш менен жол кыймылынын эрежелерин бузууларды видео байкоого алуу баштала турган Кыргызстандын эң ири шаарлары Бишкек жана Ош мэриялары алектениши керек.

«Камераларды милиция орнотпойт. Бизде учурда даяр болуп калган мониторинг борбору бар. Учурда "Таза Коом" программасынын алкагында камераларды мэрия орното баштайт. Аларды биздин мониторинг борборубуз менен байланыштырышат», — деди ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын начальниги кош кыяны кесип өтүү, коопсуздук курун тагынбоо жана жогору ылдамдыкты кошуп эреже бузуулардын бардык түрлөрүн каттайт деп айтты.

Бийликтегилер Бишкектин жолдорундагы эреже бузууларды каттаган камераларды 2011-жылдан бери эле «Коопсуз шаар» долбоору аркылуу орнотууну убада кылып келишет. Бирок ошондон бери Бишкектин кире бериштериндеги кесилиштерде болгону бир нече камералар коюлган.

Өкмөт эки тендер өткөргөн — биринчи конкурс эреже бузуулар менен өткөн, ал эми экинчи тендердин айынан бийлик бүгүнкү күнгө чейин утуп алган «Стилсофт Бишкек» компаниясы менен соттошууда. Долбоор 60 млн долларга бааланган.


ТЕМА БОЮНЧА: