Өлкөнүн чегиндеги мектеп. Кыргыз-өзбек чек арасындагы балдар кантип билим алып жатышат?

Бүргөндү кыштагы Баткен облусунда, Өзбекстандын чек арасына жакын жайгашкан. 2000-жылдардын башында бул жерде кошуна өлкөнүн эли убактылуу жер иштетип жүргөн. Бийлик өкүлдөрү бул аймакка кыргызстандыктарды көчүрүп келип, жашоого керектүү болгон шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып жатышат. Азырынча жергиликтүү балдар убактылуу курулган мектепте билим алышууда.

Бүргөндү айылы мурда Дюкер деп аталчу. Ал кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан. Кыргызстандын жарандары бул жерге 2000-жылдардын башында көчүп келе баштаган. Башында бул аймакта ондой үй-бүлө жашаса, учурда алардын саны алты эсеге көбөйгөн.

Мурда бул жерде Өзбекстандын жарандары убактылуу жашап, жер иштетип келишкен — ал убакта эки өлкөнүн ортосундагы чек ара тактала элек болчу. Чек араларды аныктоо боюнча келишим 2017-жылы гана соңуна чыга баштады.

Сүрөт: Элмурат Асан / Kloop.kg

Чек арага жакын жайгашкан бул аймакка кыргызстандыктарды көчүрүп келүү боюнча облустук бийлик башкы план иштеп чыккан. Ал үчүн 4000 конушка ылайыкташтырылган жер тилкелери берилип, жол, ат майдан, көп кабаттуу үйлөр, оорукана жана мектептер курулуп, айылдын инфраструктурасы жакшыртылмакчы.

Расмий макам бериле элек Бүргөндү айылында азырынча 60 үй-бүлө жашайт. Алардын балдары төрт жыл мурда салынган кичинекей, убактылуу мектепте билим алып жатышат. Ага чейин алар эскирген курулуш вагонунда билим алышчу. Вагонду айылдагы балдарга билим алыш үчүн 10 километр алыстыктагы кошуна кыштакка барууга туура келгендиктен улам коюп беришкен.

Андан бери Бүргөндүдөгү окуучулардын саны 28ден 54кө чыккан — 2014-жылы жергиликтүү тургундар ашар жолу менен мектеп тургузуп алышкан. Курулуш материалдарын жергиликтүү бийлик каржылап берген. Бул мектеп мурда беш жылдай кызмат кылган вагондун ордуна тургузулган.

2013-жылы Бүргөндүдөгү мектеп ушундай болчу.
Учурдагы мектеп.

Жаңы салынган имаратта төрт класстык бөлмө болсо да ал Бүргөндү кыштагы үчүн чоңдук кылат. Анткени балдар анын эки классында гана окушат. Ал эми калган эки бөлмөсү бош эле пайдаланылбай турат. Ал эми мугалимдердин саны дагы мектеп бөлмөлөрү менен барабар — алар да төртөө.

Окуучулар аз болгондуктан билим берүү тартиби да адаттан тыш: биринчи сменада 18 окуучудан турган 5-8-класстардын балдары бир бөлмөдө билим алышат. Ал эми экинчи сменада 1-класс 3-класс менен, 2 жана 4-класстын окуучулары бирге окушат.

1-класстан бери бул мектепте билим алып келаткан Айзат азыр 8-класста окуйт.

«Башка мектептерде деле окугум келет, бул жерде билбегенди ошол жактан үйрөнсөм дейм», — дейт Айзат. Ал окуусун Баткендин Айдаркен жергесинде улантаарын жана келечекте дизайнер болгусу келгенин кошумчалады.

Бегимай Айзат менен чогуу окуйт, бирок аларды классташ деп атоого болбойт — Бегимай азырынча 7-класста окуйт. Бүргөндүгө ал 2-классында башка мектептен келген.

«Эки мектеп тең бирдей эле, бул жерде деле ошол сабактарды окуйбуз. Келечекте мугалим болгум келет. Айылыбызга мугалим болуп келип, окуучуларга билим бергим келет», — деди келечектеги максаты тууралуу Бегимай.

Мектептин спорт аянтчасы. Сүрөт: Элмурат Асан / Kloop.kg

Айыл тургуну Абдумажит Исаевдин төрт баласы ушул мектепте билим алган. Алар 8-класстан кийин кошуна айылдарга барып, туугандарынын үйүндө жашап, билимин улантышкан. Азыр анын бир уулу Бүргөндүдөгү мектепте окуп жатат.

«Балам 6-класста окуйт. Кийинки жылы кыргыз-түрк лицейинде окутайын деген планыбыз бар — балам жакшы окуйт. Бул мектеп салынганда балдар эле эмес, өзүбүз да сүйүндүк», — деди ал. Абдумажит аба өзү дагы, уулу дагы бул мектептеги билим берүүнүн сапатына канааттанышат.

Сүрөт: Элмурат Асан / Kloop.kg

Мектептин окуу бөлүм башчысы Мария Исаеванын айтымында, окуучуларга китептер жетиштүү.

«Төрт жылдан берки өзгөрүүлөр өтө жакшы. Окуучулардын окуу китептери менен камсыз болуусу 100 пайыз. Өзүбүз ар кайсы сынактарга катышып, окуучуларды башка мектептерге алып барып, ийгиликтер менен келип жатабыз», — деген кубанычын жашырган жок Исаева.

Бүргөндүдө окуучулар 8-класска чейин билим алышат. Айрымдары башка айылдарда билимдерин улантышса, кээ бири 9-класстан кийин кесиптик лицейлерге жана коллеждерге тапшырып кетишет.

«Ата-энелери бизге ыраазычылыгын билдиришет. Сабактарын жакшы алып кетип жатышат», — деп бөлүштү Исаева.

Бир эле бөлмөдө ар кайсы класстардын окуучуларына сегиз жылдан бери сабак өтүп жүрүп, өз усулуна ээ болуп калганын айтат ал:

«Бир күн 5-класстын окуучуларына басым жасасак, кийинки күнү дагы башка класстардын окуучуларына басым жасап окутабыз. Окуучулар дагы "бүгүн бизден баштаңызчы" деп турушат».

Мектептин короосун тазалоо . Сүрөт: Элмурат Асан / Kloop.kg

Айыл өкмөт башчысы Алчыбай Төралиев жаңы 2018-жылдан тарта айылдын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер башталып калат деген ниетте. Бул жерлер жаңыдан өздөштүрүлө баштагандыктан тургундар үчүн шарттар акырындык менен түзүлөөрүн айтат.

«Башкы план боюнча бул жерге балдар бакчасы, мектеп, базар, көп кабаттуу үйлөр, парктар, ипподром түшөт. Ар бир кожолукка 20 сотиктен жер бөлүнөт. Бул өкмөттүн программасында негизги иш-аракет болуп турат. Бул жер, кудай кааласа, шаарга айланат. Бул жер азыр айыл эмес, ошентсе да балдар билим алып турсун деген максатта ошол шартты түзүп бергенбиз», — деп билдирди Төралиев.